2023-12-18

Наманган мамлекеттик университети менен кызматташуу


2023-жылдын 12-15-декабрында Өзбекстандын Наманган Мамлекеттик Университетинин проректору п. и.д., профессор Наримон Дехканов, п. и.д., профессор Рузимат Жураев, т.и.к., доцент Шухрат Гейдаралиев, т.и.к., доцент Ботиржон Маллабаев, т.и.к., доцент Анвар Эркозиев, с.и.к., доцент Мухриддин Содиржонов жана PhD Йосин Ортиковдон турган делегация билим берүү жана илим тармагында кызматташуу максатында КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүндө болушту. Өзбекстандын Наманган Мамлекеттик Университетинин делегациясы менен КТМУнун тарых бөлүмүнүн ортосунда эл аралык илимий конференцияны, биргелешкен жайкы мектепти, археологиялык казууларды жана студенттер форумун уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле конок илимпоз агайлар университетибиз менен жакындан таанышып, тарых бөлүмүнүн студенттерине лекцияларды окуп беришти.