Ден-соолук, маданият жана спорт башкармалыгы

Башкаруу  
Мүдүр Саодат Молдобаева
Секретарь Динара Калиева
Байланыш  
Дарек Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарча, студенттер үйүнүн А корпусу
Тел. 996 312492756
Факс 996 312 541935
Ички. тел. 867, 866 (катчы)
Email Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын максаты – студенттердин социалдык, маданий суроо-талаптарын аткаруу, алардын физикалык жана рухий жактан күчтүү болуп өсүшүнө кам көрүү,  студенттердин жана кызматкерлердин саламаттыгына жана дарылануусуна байланышкан муктаждыктарын камсыздоо,  студенттерди жатаканаларга жайгаштыруу, коомдук иштерге тартуу жана сабактан тышкаркы убактыларын кызыгууларына жараша натыйжалуу пайдаланууну үйрөтүү. Ошондой эле жаңы кызыгууларынын пайда болушуна өбөлгө түзүү менен аларды өздөрүн руханий жактан өнүктүргөн жана ден соолугуна кам көргөн инсан кылып тарбиялоо болуп саналат.

Университетте уюштурулган ар кыл маданий жана коомдук иш-чараларда колдонулган костюм жана аксессуарларды көзөмөлдөө иштери дагы Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Бул иш-чараларда колдонулган кыргыз, түрк жана башка түрк тилдүү элдердин улуттук кийимдери, окутуучулар жана бүтүрүүчүлөр кийе турган мантиялар, ошондой эле заманбап бий топторунун ар түрдүү костюмдары атайын кампада сакталат.