Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин дене тарбия жана спорт жогорку мектеби (ДТСЖМ) 2008-ж. Университеттин Камкорчулар уюмунун жана Окумуштуулар кеңешишиш чечимдеринин негизинде ачылган.

Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинде эки бөлүм бар – «дене тарбия жана спорт мугалими» жана «машыктыруучуларды даярдоо». Ар жылы бул эки бөлүмгө окуп билим алууну каалаган, спорттун түрлөрүнөн даярдыгы бар, келечекте дене тарбия жана спорттон мугалим, спорттун түрлөрүнөн машыктыруучу болууну каалаган студенттер кабыл алынат. Бардыгы болуп ар бир бөлүмгө 36 дан студент кабыл алынат. Алардын ичинен 25-кыргызстандан, 8 - Туркия республикасынан жана 3- түрк тилдүү өлкөлөрдөн. Жалпысынан эки бөлүмгө 72 студент кабыл алынат: 50- Кыргызстан жарандары; 16 - Түрк жарандары; 6 – Түрк тилдүү мамлекеттердин жарандары.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ДТЖСМ келип окууну каалаган Түркия Республикасынын жарандары кирүү экзаменин - «өзгөчө жөндөмдүүлүк сынагын», өзү тандап алган спорттун түрүнөн экзаменди Анкара шаарындагы Гази университетинин ДТЖСМ беришет. Экзамен июль айынын экинчи жарымында болот. КТМУ дене тарбия жана спорт жогорку мектебине келип билим алууну каалагандар Гази университетинин сынак алуу бюросуна кайрылсаңыздар болот.

Дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмүнө келип окугандар «Дене тарбия бакалавры» деген академиялык даража алып чыгышат жана дене тарбия мугалими болуп иштегенге укуктуу болушат. Ал эми «машыктыруучуларды даярдоо» бөлүмүнө келип окуган студенттер «дене тарбия бакалавры» деген академиялык даража жана спорттун түрлөрүнөн машыктыруучу деген кесип алып чыгышат жана спорт клубдарда, спорт окуу жайларында машыктыруучу болуп иштегенге укуктуу болушат.

Дене тарбия жана спорт жогорку мектебине спорттун түрлөрүнөн эң жакшы жана жакшы даярдыгы бар, орто мектепте жакшы окуган, билими жетишээрлик болгон, жаман көнүмүш адаттары (сигарета чекпеген, ичкилик ичпеген) жок, спортту сүйгөн, келечекте дене тарбия жана спорттун түрлөрүнөн адис болууну каалаган, орто билими бар, 35 жашка чейинки жаштар кабыл алынат.

КТМУ дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин бүтүрүүчүлөрү эки диплом алышат. Бири, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин окуу жана билим берүү стандартынын «Дене тарбия» - шифр:325000 багытынын негизинде жана экинчи - Түркия Республикасынын Жогорку окуу жайлары комитетинин мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык.

Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинде окуу эки тилде жүргүзүлөт: Кыргыз жана Түрк тилдеринде. Биринчи жылы студенттер кыргыз жана түрк тилдеринин даярдоо курсунда окуп билим алышат жана тандап алган спорт түрүнөн машыгууларга катышып, спорттук даярдыгын жогорулатышат.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде дене тарбия жана спорт мугалимдерин жана спорттун түрлөрүнөн машыктыруучуларды сапаттуу даярдап чыгарууга эң жакшы шарттар түзүлгөн.

Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинде окуп билим алыш үчүн Университетте 1- стадион, 1 - футбол талаасы, 1 - чоң теннис аянты, 2 - волейбол аянтчасы, 2 - баскетбол аянтчасы, 1 - ачык гимнастикалык паркы, 1 - күрөш залы, 1 - фитнес залы, 1 - оор атлетика залы, 1 - дзюдо, самбо залы жана шахмат, тогуз коргоол салондору бар. Буларга кошумча дагы эл аралык стандарттарга жооп берген 1 – заманбап олимпиялык жабык спорт комплекси (волейбол, баскетбол, теннис боюнча) жана ачык спорт аянтчалары менен дагы бир стадион курулуп ишке сентябрь айында берилүүгө даярдалууда. Теориялык сабактар үчүн заманбап кабинеттер жана лабараториялар жетиштүү санда бар.

Дене тарбия жана спорт жогорку мектебине Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн келип окуган студенттер үчүн университеттин 3 жатаканаларынан жатак жайлар берилет. Ошондой эле студенттерге үч маал арзандатылган тамак-аш да сунушталат. Окуудагы жетишкендиктерине жараша студенттерге 10 АКШ доллардан – 50 АКШ долларга чейин стипендия төлөнөт.

Университетте окуган мыкты спортчуларга, Кыргызстандын жана Түркия Республикасынын улуттук командаларынын мүчөлөрүнө жана кандидаттарына олимпиялык спорт түрлөрүнөн жетишкен ийгиликтери үчүн «Спорттогу жетишкендиктери жана ийгиликтери» деген Окумуштуулар кеңешинин АКШ 50 долларга чейинки атайын стипендиясы берилет.

Студенттер окуп билим алуу жана эс алуусу үчүн эң жакшы шарттар түзүлгөн: 4 – китепкана , 12 – интернет салондору, 6 – тамак ичүүчү кафе, ашканалары, 1 – конференция жана 1 кино салондору, 1 – бий салону жана студенттик клубдар ( лыжа, фитнес, улуттук бийлер, жарандарды коргоо жана куткаруу ж. б.) студенттерге кызмат кылышат.

Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинде спорттун 18 түрүнөн – баскетбол, волейбол, бокс, атлетизм, дзюдо, самбо, күрөштүн эркин, греко-рим, улуттук түрлөрүнөн, оор атлетика, шахмат, үстөл тенниси, сууда сүзүү, тогуз коргоол, ордо, футбол, армрестлинг, бодибилдинг спорттук секциялар жана курама командалар, уюштурулуп бул спорттун түрлөрүнөн милдеттүү машыгуулар өткөрүлүп турат. Бул спорттун түрлөрүнөн ар түрдүү мелдештер уюштурулуп турат.

Дене тарбия жана спорт Жогорку мектебинин студенттери систематикалык түрдө эл аралык, республикалык мелдештерге жана чемпионаттарга катышып турушат. Жогорку мектепте азыркы учурда 1 – дүйнөнүн чемпиону (гремплинг), 3 – Азиянын чемпионаттарынын призерлору (самбо, белбоо күрөш, тогуз коргоол), 23 – кыргызстандын биринчиликтеринин призерлору, 8 – КР спорт мастери, 12 – КР спорт мастерлигине кандидат, КР Универсиадасынын 48 – призерлору окуп билим алып жана өзүлөрүнүн спорттук даярдыгын өркүндөтүп жатышат.

МИССИЯБЫЗ :
Заманбап өсүп - өнүгүүлөргө салымын кош о алган , өлкө нүн жана дүйнөлүк билим берүү стандарт тарына ылайык билим , алып өз тармагында мыкты адис болгон , универсалдык баалуулуктарга ээ , рационалдуу жана илимий түрдө ой жүгүртө билген , жооптуу , этикалык нравалык баалуулуктарды ө здөштүргөн жана сактаган , коом үчүн сапаттуу кызматын өтөгөн гө даяр болгон , билим дүү жана өзгөчө жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон инсанды даярдоо .

МАКСАТЫБЫЗ :
Педагогикалык негиздеги окуу тарбия иштерин саапаттуу бере алган, профессионалдык жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоо окутуу заманбап программалары бар, илимий изилдөө иш-чараларын жүргүзгөн, дене маданияты жана спорт тармактарында үлгүлүү болгон, коомдо жогорку беделт бар жана барктуу жогорку мектеп болуу.