Бүтүрүүчүлөр ассоцияциясы

Кыргыз-Түрк  “Манас” университети алгачкы бүтүрүүчүлөрүн 2002-2003-окуу жылында уядан учурган.  Азыркы учурда 14 өлкөдөн  жана 23 боордош түрк тектүү калктардан баардыгы болуп  6160 бүтүрүүчүбүз бар.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Бүтүрүүчүлөр ассоцияциясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2006-жылдын 21-апрелиндеги ГР0042381 номерлүү жарлыгы менен расмий түрдө ишке киришкен.

Университет өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен ар дайым төмөндөгү тарзда тыгыз байланышта болуп келет:

- Бардык бүтүрүүчүлөр менен телефон жана социалдык тармактар (фейсбук, твиттер ж.б.) аркылуу байланыш түзүлүп, анализдер даярдалып турат.

- Жылына эки жолу Ректораттын катышуусу менен өткөрүлгөн жыйындарда Бүтүрүүчүлөр ассоцияция аткарылган иш-чаралар тууралуу кенен маалымат берип, алдыга койгон максаттары менен бөлүшүп келет.

- Университетибизде өткөрүлүп турган маанилүү иш-чараларга ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүбүз ар дайым чакырылып турат. Андан сырткары бүтүрүүчүлөрүбүз студенттик клубдардын иш-чараларына жигердүү катышып, иш-тажрыйбаларын студенттерибиз менен бөлүшүп келишет. Ал эми университетибиздин факультеттери жана Жогорку кесиптик мектептери бүтүрүүчүлөрүн ар түрдүү жыйындарга чакырып, таанышуу кечелерин уюштурууну салтка айлантышууда.

- Бүтүрүүчүлөр тарабынан түзүлгөн Карьера борбору талаптарга ылайык жаңы бүрүрүүчүлөрдү иш орду менен камсыз кылууда жигердүү иш жүргүзө баштады.

- Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын демилгеси жана окуу жайыбыздын колдоосу менен бүтүрүүчүлөрдүн байланышын бекемдөө жана достугун арттыруу максатында жайкы жана кышкы эс алуу программалары уюштурулуп турат.

-Бүтүрүүчүлөрүбүзгө университетибиз тарабынан атайын күбөлүктөр берилет.

Күбөлүк алган бүтүрүүчүлөрүбүз окуу жайыбыздын бардык кызматтарын пайдалануу

мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.