Инженердик факультет

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Инженердик факультети 1997-жылы өз ишмердүүлүгүн баштаган, азыркы учурда Компьютер, Экология, Тамак-аш, Химия инженериясы багытында студенттерге өз билим берүү кызматын көрсөтүп келет.  

Эң негизги максатыбыз илим жана өндүрүштө кесипкөй, заманбап илимге ээ болгон инженерлерди тарбиялоо болуп саналат. Биздин бүтүрүүчүлөр коомчулукка ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн түзуп берүүдө кызмат көрсөтүү, маалымат технологиясы жана системасын, жаңы өнүм чыгарууда колдонулган технологияларды өнүктүрүү жана кардарларга жогорку сапаттагы тамак-аш азыктарын сунуштоо сыяктуу тармактарда өз билим жана тажрыйбасын ишке ашыра алат. Факультеттин академиялык программалары алдыңкы катардагы мекемелердин программаларына ылайык даярдалган. Студенттердин келечекте дасыккан инженер болуусу үчүн факультеттин тажрыйбалуу, кесипкөй академиялык-профессордук курамы жана заманбап мүмкүнчүлүктөрү камсыздай алат.  

Факультеттин академиялык-профессордук курамы улуттук жана эл аралык долбоорлорго активдүү түрдө катышуусу менен бирге ар кандай илимий иш-чаралардан алган илим жана тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында башка университет, илимий изилдөө борборлору жана өндүрүш мекемелери менен терең кызматташып келет. Факультеттин академиялык жана административдик кызматкерлери факультеттин Кыргызстан жана Борбордук Азиянын эң алдыңкы факультеттеринин катарында болуусу үчүн колунан келген аракетти жасап келет.      
   
 

Жошкан Ылыжалы
Декан