Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экономика жана башкаруу факультети менен «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК ортосундагы кызматташуунун негизинде тиешелүү банктын адам ресурстары бөлүмүнүн адистери  Экономика жана башкаруу факультетинин бүтүрүүчү курстарынын студенттерине “Башкаруучулук тренинги” (Managerial Training) уюштуруп келүүдө. Кызматташуу алгачкы жолу 2018-жылы ишке ашкан жана 2019-жылы да улантылган.

2019-жылдын 14-мартында Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде өткөрүлгөн “Республикалык университеттер аралык менеджмент олимпиадасында” 12 университеттик команданын ичинен Университетибиз атынан ийгиликтүү катышкан жана экинчи орунду ээлеген Экономика жана башкаруу факультетинин Менеджмент бөлүмүнүн студенттери: Бектемир Калмуратов, Назгүл Эраалиева, Ализа Азимова жана Нурзия Абдуманапованы куттуктайбыз жана мындан аркы иштеринде ийгиликтер каалайбыз!

Диплом

2019-жылдын 21-февралында факультетибиздин финансы жана кредит бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын музейине экскурсия уюштурулду.

Экскурсия учурунда студенттерге эгемендүүлүктөн кийин Кыргызстандагы акча саясаты жана банкноталардагы жаңылыктар жана өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берилди.