Жатакана мүдүрлүгү

 

Башкаруу  
Жетекчи Ирфан ТУРАН
Байланыш  
Адрес Жал кампусу
Тел. +996 312 493387, 493570
Факс  
Ички. тел.  
Email  

 

Кыргызстан- Түркия “ Манас “ Университетинин Студенттер Үйлөрү,  университетибиз тарабынан 2000- 2001 окуу жылынын башынан баштап студенттерибиздин кызматына  жарай турган жылуу уя жана эненин кучагындай мээримди тартуулап  келүүдө. Студенттер үйлөрүндө студенттерибиз  үй- бүлөдөгүдөй  тынчтыкта, ишеним жана ырахатта жашап келишет. Студенттерге сунулган шарттар жана кызматтар жагынан алып карасак өлкөнүн эң мыкты, үлгү көрсөткөн Стүденттер үйү болуп саналат . Жатаканада студенттер бир гана жашап тим болбостон ар турдүү социалдык, маданий жана спорт жагынан өздөрүн өнүктүрө алышат, бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул максатты көздөп окуу жылдын белгилүү бир учурунда ар түрдүү иш- чаралар : поэзия кечелери, баарлашуулар, сүйлөшүүлөр жана көңул ачуучу программалар, театр оюндары, куттуктоолор, пикир алмашуу чогулуштары, саякаттар жана спорттук жарышуулар өткөрүлүп турат. Ушуну менен бирге Түрк Дүйнөсүнүн төрт бурчунан келген студенттерибиз бири- бири менен  таанышып, баарлаша алышат. 2000- чи жылы 500 гө жакын орун менен камсыз кыла баштаган  Б Блок Студенттер үйү менен 2013- чү жылы студенттерибизге 688 орундуу  А Блок  Студенттер үйүн сунду. Студенттер үйлөрүндө жашап келген  студенттерибиз  бири-биринин тилдерин, маданияттарын, ишенимдерин  жана  салт- санаасын жакындан таанып билүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болууда жана Түрк дүйнөсүнүн келечегине биргеликте салым кошуу максатын көздөшүүдө. 

Тажрыйбалуу жетекчилери жана кыматкерлер тарабынан  мыкты деңгээлде кызмат  сунулган Студенттер үйлөрүндө Кыргызстандын тышынан келген Даярдоо Курсунун студенттерине упай берүүдөн мурда аларды  таануу, Кыргызстандын шарттарына жана университеттин чөйрөсүнө көнүү процесси учурунда жол көрсөтүү иш- чаралары жасалып турат.  Даярдоо Курсунун студенттеринен тышкары эң биринчилерден болуп жатаканадан жер бериле турган студенттер  бул:  университетке тапшыруу сынактарынан жогорку баа алгандар жана сабактарында дайыма ийгиликтүү болгондор. Студенттер үйлөрүндө жашоо укугуна ээ болуш үчүн студенттердин 1- чи курсунан баштап жыл аягындагы орточо баасы, мурун жатаканада жашаган болсо Студенттер үйлөрүнүн эрежелерин сактап сактабоосу, ар түрдүү иш- чараларга катышып катышпоосу ж.б.  каралып чыгып  упай берилет жана эң жогорку баа алгандардан баштап тизме түзүлөт. ( Бул боюнча тереңирээк маалымат алуу үчүн  КТМУ Студенттер үйлөрү мыйзам эрежелеринен окуңуз.) Даярдоо курсунан кийинки жылдарда Кыргызстандын тышынан келген  студенттер  бир гана окуудагы ийгилигине жараша жатаканада калуу укугуна ээ боло алышат. Орто курстагы студенттерге ( 1,2 ,3, 4 курс) чет өлкөлүк  болуулары алдыңкылардан   болуп жатаканага кирүүлөрүнө себеп боло албайт.  Студенттерибиздин экономикалык абалы эске алынып, жатаканада жашоого абдан арзан баа койулган.  Студенттерибиз  Б Блок Студенттер үйүндө 1 ай калуу үчүн 500 сом, ал эми А Блок Студенттер үйүндө калуу үчүн 1 айына 1000  сом төлөшөт. Төлөмдөр ар жарым жылдын башында нак акчалай берилет, мындан сырткары 2000 сом депозит катары төлөнөт. ( Бул 2000 сом жылдын аягында кайра ээсине берилет.)

Эки блоктон турган Эски Студенттер үйүнүн бир тарабы эркек студенттерге, ал эми экинчи жагы каздарга каралган, бөлмөлөр 4 жана 6 кишиге ылайыкташтырылган, ар бир бөлмөдө өзүнчө туалет жана душ каралган. Бекер каблосуз интернеттен ( Wİ- Fİ) тышкары интернет- кафе дагы жатаканада жер алган.

Ден соолук борбору, Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору, КТМУнун Башкы китепканасы студенттерибиз үчүн ар дайым кызмат сунууда. Спорт менен машыгуу үчүн атайын газондон жасалган футбол аянтчасы жана волейбол, баскетбол оюндарына каучуктан аянтчалар курулган. Бул спорт аянтчабыздан тышкары келе жаткан жылы жаңы ачыла турган спорт комплексибиз студенттерибиздин кызматына сунулмакчы. Буфет- кафетериялар эрте менен саат 08:00 дөн кечки саат 23:00 гө чейин студенттердин кызматында. Студенттик үйлөрүндө жашаган студенттер  КТМУнун  Социалдык Курулуштар Имаратындагы аш- канада түшкү жана кечки маалдарда тамактана алышат, баасы 1 доллар ( 60 сом).  Буфетте телевизиондук каналдарды  жана Түркиянын футбол боюнча Супер Лигасынын жарыштарын көрө аласыздар.

КТМУнун Студенттер үйлөрүндө бөлмө тазалыгы студенттер тарабынан, ал эми коридор жана чөйрө тазалыгы атайын жалданган фирманын кызматкерлери тарабынан жыйналып турмакчы. Чыңгыз Айтматов атындагы кампус ичиндеги  коопсуздук университетибиздин коомсуздук кызматкерлери тарабынан камсыздандырылууда.