Илимий иш чаралар

Жаш түркологдордун VIII эл аралык симпозиуму

Жаш түркологдордун VIII эл аралык симпозиуму

Кыргыз-Түрк Манас университетинин Гуманитардык факультетинин Түркология бөлүмү түркология тармагында билим алган магистранттардын, аспиранттардын жана жаш илимпоздордун бири-бири менен таанышуусун, илимий чөйрөгө аралашуусун, ошондой эле өз ара пикир алышуусун камсыз кылуу, тил илими, адабият, фольклор, тарых, этнография, археология, философия жана социология сыяктуу түркологиянын негизги маселелери боюнча келечекте илимий эмгектерди жаратууга түрткү берүү максатында Кутадгу Билигдин 950 жылдыгына арнап, Түрк тили уюму менен биргеликте “Жаш түркологдордун VIII эл аралык симпозиумун” уюштурууда.

2019-жылдын 23-24-сентябрь күндөрү өтө турган бул симпозиумга түркология багытында билим алып жаткан магистранттар, аспиранттар жана түркология тармагында эмгектенген жаш окумуштуулар баяндамалары менен катыша алат.

Сиздерди урматтоо менен симпозиумда күтөбүз.

 

Ардактуу топ:

Себахаттин Балжы - м.и.д., проф., Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору

Гүрер Гүлсевин - Түрк тил уюмунун төрагасы

 

Уюштуруу тобу:

Лайли Үкүбаева - филол.и.д., проф.,

Бурул Сагынбаева - филол.и.д., доц.,

Мехмет Айдын - филол.и.д., проф.

Орхан Кемал Тавукчу - филол.и.д., проф.

Таалайбек Абдиев - филол.и.к., доц.

Нурдин Усеев PhD., доц. м.а.

Халит Ашлар - PhD., доц. м.а.

Мирзат Ракымбек уулу - PhD.

Негизбек Шабданалиев - PhD.

Чынар Жылкычиева - ага окутуучу

Зарина Жалбиева - PhD.

Жазгүл Жакакова - PhD.

Сафа кырвели - PhD.

Ирем Ышыл Алтун - адис.

Абдусалам Гуламов - . Гуманитардык факультетинин секретары.

 

Окумуштуулар курамы:

Фкевзи Эрсой филол.и.д., проф.                                 TUR

Женгиз Алйылмаз филол.и.д., проф.             TUR

Валерий Махпиров филол.и.д., проф.                          KAZ

Осман Мерт филол.и.д., проф.                                    TUR

Тургут Карабей филол.и.д., проф.                              TUR

Анварбек Мокеев т.и.д., проф.                                    KGZ

Эсма Шимшек филол.и.д.                                            TUR

Йакуп Челик филол.и.д.                                               TUR

Мустафа Орчан соц.и.д., проф.                                   KGZ

Осмонакун Ибраимов филол.и.д., проф.                   KGZ

Жейхун Ведат Уйгур филол.и.д., проф.                     KGZ

Акматалы Алимбеков п.и.д., проф.                            KGZ

Жамгырбек Бөкөшов филос.и.д., проф.                     KGZ

Абдылдажан Акматалиев филол.и.д., академик       KGZ

Курманбек Абакиров филол.и.д., проф.                    KGZ

Каныбек Исаков филол.и.д., проф.                             KGZ

Мехмет Түркмен спорт.и.д. проф.                              KGZ

Кубат Табалдиев  т.и.к. проф.                                     KGZ

Хуроман Хумарева филол.и.д., проф.                        AZE

Лайло Раупова филол.и.д., проф.                                UZB

Гайбулла Бабаяров – т.и.к. доц.                                  UZB

 

Жооптуу катчылар:

Нурдин Усеев PhD., доц. м.а., Халит Ашлар - PhD., доц. м.а.

 

Симпозиум катчылыгы:

PhD. Зарина Жалбиева, PhD. Сафа Кырвели, PhD. Жазгүл Жакакова, Вангук Ан

 

 

 

Симпозиумда каралуучу илимий багыттар:

 

            Кутадгу били жана карахандар доору менен байланыштуу болуу менен

 

  • Тилдик багыттар боюнча:
  • Фонетика, графика, орфография
  • Лексикология, диалектология, этимология, ономастика
  • Морфология, синтаксис
  • Терминология жана методология
  • Стилистика, текстологиялык анализ
  • Экстралингвистика
  • Тил тарыхы боюнча изилдөөлөр
  • Тектештирме-тарыхый изилдөөлөр
  • Түрк тилдериндеги котормонун теориялык жана практикалык маселелери
  • Котормонун тилдик жана адабий аспектидеги маселелери
    • Эне тилди жана түрк тилдерин чет тил катары үйрөтүү маселелери
    • Массалык маалымат каражаттарында эне тилинин колдонулушу
  • Адабият таануу боюнча:
    • Түрк тилдүү элдердин адабиятынын теориялык маселелери
    • Түрк тилдүү элдердин адабиятын изилдөөнүн тарыхый-салыштырма, салыштырма-типология маселелери
    • Фольклор менен профессионал адабияттын карым-катнашы
    • Улуттук адабият таануу илими жана адабий сын: абалы, келечеги
  • Фольклор боюнча изилдөөлөр
  • Түрк элдеринин тарыхы, этнографиясы
  • Түрк элдеринин археологиясы
  • Түрк элдеринин социологиясы
  • Түрк элдеринин философиясы

 

Симпозиумга катышуу шарттары:

  • Симпозиумдун катышуучулардын жол чыгымдары каржыланбайт.
  • Симпозиумга катышуу үчүн катыша тургандыгын тастыктоочу тиркемедеги форманы толук толтуруп, 2019-ж. 28-июнуна чейин симпозиум катчылыгына жиберүү керек. Баяндаманын толук текстинде катышуучунун аты-жөнү, өлкөсү, окуган университети, иштеген жери көрсөтүлүшү зарыл.
  • Симпозиум кыргыз, түрк жана башка түрк тилдеринде өтөт.
  • Баяндама окуу мөөнөтү - 15 мүнөт.
  • Симпозиумда окула турган баяндамалар MS Word форматында, Times New Roman (12) шрифтинде, 1,5 интервал аралыгында болуусу керек.
  • Баяндамалардын кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат 2019-жылдын 12-июлуна чейин авторго кабарланат.
  • Баяндамалардын толук текстин 2019-ж. 6-сентябрына чейин симпозиум катчылыгына жиберүү керек.

Байланыш адреси:

Кыргыз-Түрк Манас университети, Гуманитардык факультет, Түркология бөлүмү

Чыңгыз Айтматов кампусу, Жал кичирайону, Бишкек

Тел.:+996(312) 49 27 85; 49 27 91, факс:+996(312) 49 27 82 (деканат)

E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Катышуучу формасы