Колдонуу эрежелери

Кыргыз-Түрк Манас университетинин китепканасынын максаты: табигый жана гуманитардык илимдер, инженерия, чет тилдер, көркөм өнөр , спорт, социалдык-маданий жана башка тармактарда илимпоздордун, изилдөөчүлөрдүн жана студенттердин суроо-талаптарын канааттандыруу болуп саналат. Окурмандардын китеп, мезгилдүү басма сөз каражаттарын, илимий журналдарын, электрондук маалымат булактарын колдонуусуна шарттар түзүлгөн. Электрондук каталог дагы колдонууга берилген . Баардык окуу залдарында чубалгасыз интернет байланышы бар. Окурмандар дын компьютердик программалард ы жана интернет кызматын пайдалануусу үчүн Борбордук китепкананын компьютердик залында отуз, Ч.Айтматов окуу залында отуз, Даярдоо курсунун окуу залында (Башкы имарат) он беш компьютер жайгашкан.

Тейлөө

Китепканага келген баардык окурмандар китепкананын ичинде гана баардык маалымат булактарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми китепти абонемент аркылуу алууга жалгыз гана КТМУнун персоналдары жана студенттери укуктуу.

Абонементтин шарттары

Каалочулар абонемент системасынан КТМУга тиешелүү карт аркылуу колдоно алат.
Студенттер жана персоналдар абонемент системасынан 5 китептен 15 күндүк мө ө нөткө ала алышат. Эгерде алынган китепке башка талапкер болбосо , колдонуу мөөнөтүн дагы 3 жолу узарта алат. Узартуу ишин китепканабыздын абонемент бөлүмүнөн же веб-баракчабыздан жеке отурум ачып өткөрүү мөөнөтүнө 3 күн калганда кыла аласыз. Ал эми ал китепке башка талапкерлер кезекке турган болсо , узартуу иши жүргүзүлбөйт. Сурамжылоо басмалары, мезгилдүү басмалар, афторефераттар, резервделген китептер, видео жана аудио материалдар үйгө берилбейт. Китепкана ичинде гана колдонууга уруксат берилет.
Эгер китеп башка окурмандын колдонуусунда болсо, интернет аркылуу, электрондук каталогубуздан жеке отурум ачуу аркылуу кезекке турууга болот. Кезекке турган китеп өткөзүлгөн убакта сизге э-почта аркылуу маалымат жөнөтүлөт. Ошол күндөн тартып 3 күнгө дейре китеп "Кезекке тургузулган маалыматтар текчесине" коюлат. Эгер ошол 3 күн ичинде китеп алынбаса, кийинки талапкерге колдонууга берилет же фондко чыгарылат.

Узартуу жана кезекке турууну үйрөнүү үчүн китепканабыздын веб баракчасындагы “Кошумча маалыматтар” бөлүмүнө баш багыңыз .

Иштин жүрүшү

Алынган бас ыл ма булактар өз мөөнөтүндө кайтарылышы керек. Мөөнөтүндө кайтарылбаган ар бир маалымат була гына бир күнгө 3 сом жаза төлөнөт. Эгерде окурман бас ыл ма булагын жоготсо, анын ордун толукташы керек. Ордун толуктай албаса бас ыл ма булагынын наркы 4 эсе өлчөмдө төлөнөт.

Негизги эрежелер

  • Китепканада тынчтыкты, тартипти сактоо абдан зарыл. Топтошуп иштөөгө тыюу салынат.
  • Колдонулган басма булактарды столдун үстүнө таштаңыз.
  • Китепкананын ичинде уюлдук телефон колдонууга болбойт
  • Китепканага тамак-аш, ичимдиктер менен кирүүгө болбойт.
  • Кызматкерлердин эскертүүлөрүнө, кайрылууларына баш ийүү зарыл.

Иштөө убактысы

Окуу семестр мезгили:
Борбордук китепкана:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-22:00 ( 17 : 3 0-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 12:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);

Ч. Айтматов атындагы окуу зал:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-22:00 ( 17 : 3 0-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: Дем алыш

С.Жигитов атындагы жана Д аярдоо курсу нун (Башкы имарат)окуу зал дары :
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-17:30;
Ишемби-Жекшемби: Дем алыш

Жайкы эс алуу мезгили (Бардык окуу залдар):
Дүйшөмбү - Жума: 08.30 - 17.30
Ишемби-Жекшемби: Дем алыш