Ден-соолук, маданият жана спорт башкармалыгы

Башкаруу  
Мүдүр Саодат Молдобаева
Секретарь  Динара Калиева
Байланыш  
Адрес Жал кампусу, А Блок студенттер үйү
Тел. 996 312492756
Факс 996 312 541935
Внутр. тел.  867, 866
Email  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Ден-соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын максаты- студенттер менен коомдук, спорттук, маданий, кеңешүү жана багыттоо иш-чараларын алып баруу, алардын физикалык жана руханий ден-соолугун коргоо, студенттердин жана кызматкерлердин ден-соолук жана дарыланууга байланыштуу муктаждыктарын камсыздоо, студенттерди жатаканаларга жайгаштыруу, керектүү учурларда студенттерди коомдук иштерге тартуу жана кызыгууларына жараша сабактан тышкаркы убактыларын натыйжалуу пайдаланууну үйрөтүү. Ошондой эле, жаңы кызыгууларынын артуусуна өбөлгө түзүү менен бирге аларды жоопкерчиликтүү, жаратман, мекенчил, ак ниет жаштар катары тарбиялоо. Университет жана факультеттерде өткөрүлүп жаткан ар кандай маданий жана коомдук иш-чараларда колдонулган костюм жана аксессуарларды көзөмөлдөө иштери дагы Ден-соолук, маданият жана спорт башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Аталып өткөн бардык иш-чараларда колдонулган кыргыз, түрк жана башка түрк тилдүү элдердин улуттук кийимдери, окутуучу жана бүтүрүүчүлөр кийе турган мантиялар, ошондой эле, заманбап бий группаларынын ар түрдүү костюмдары дагы костюм кампасында сакталат.