Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгы

Башкаруу  
Жетекчи Максатбек Ынакбеков
Байланыш  
Адрес Жал кампусу, Студенттик жаңы жатаканасы
Тел. 996 312 492756-57
Факс 996 312 541935
Ички. тел. 1719
Email

Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кыргыз-Түрк Манас университетинин китепканасы, университеттин окутуучуларын, окуучуларын, административдик кызматкерлерин жана изилдөөчүлөрдү керектелген ар кандай маалымат жана маалымат булактары менен камсыз кылуу, белгилүү системаны түзүп колдонууга берүү максатында 1998-жылы курулган.

Кыргыз-Түрк Манас университетинин китепканасы университеттин миссиясы жана көздөгөн максатына ылайык, окурмандардын ар кандай маалымат талаптарын орундатууну максат кылган. Билим берүүдөгү активдүү жана жигердүү иш алып барып, окурмандардын эркин изилдөө жүргүзүү менен алек болуусунда активдүү роль ойноодо.

Китепканабыз, университетибиздин максатынын алкагында китепканабыз билим берүү, тарбия жана изилдөө программаларына колдоо көрсөтүү, окутуучу, окуучу жана персоналдарга керек болгон ар кандай жааттагы маалымат жана маалымат булактарын, изилдөөлөр үчүн да эң жакшы маалымат булактарын топтоону жана буларды колдонуу үчүн эң ылайыктуу чөйрөнү камсыз кылууну көздөйт.

Миссиябыз: университетибиздин билим берүү, тарбия, изилдөө иштери жана социалдык кызматтарды талап кылган маалыматка жетүү үчүн азыркы замандагы жана дүйнөлүк мүмкүнчүлүктүктөрдү берүү, өрнөк университеттин китепканасы болуп элге кызмат тартуулоо;

Көздөгөн максатыбыз: китепкананын көздөгөн максаты - университетибиздин билим берүү, тарбия жана изилдөө программалары үчүн керектөө алкагында, маалыматты кызмат көрсөтүлгөн тараптарга заманбап компьютер жана түйүн технологияларын колдонуп, ылдам жана үнөмдүү формада убакыт жана мейкиндиктен көз карандысыз тартуулаган, кесиптик тилектештик, кызматташууга таянып, бирге иш алып баргандар менен чогуу өнүгүүлөрдөн артта калбаган, учурдун талабына жооп берген эң алдыңкы маалымат жана маалымат булактарынын борбору же үйрөнүү борбору болуу;

Толук маалымат алуу үчүн веб баракчабызга кириниз...