VETİS – Маалымат базаларга университеттин тышынан байланышуу...

Университетибиз үчүн байланыш ачылган электрондук маалымат базаларына университеттин тышынан байланышуу үчүн “VETİS – маалымат базаларга байланыш жана статистика системасы” колдонууга ачылды.
“VETİS” системасына бул адрестен кире аласыздар. http://yordam.manas.edu.kg/vetisbt
“VETİS” системасынын колдонмо көрсөткүчү бул адресте. http://library.manas.edu.kg/doc/7_Vetis.pdf
Суроолор үчүн Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгына же Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. адресине кайрылыңыздар.
Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ф.Алтун элчи К.Өмүралиевди кабыл алды
2021-жылдын 3-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы, проф. Фахреттин Алтун Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.
Уландысы: Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ф.Алтун элчи К.Өмүралиевди кабыл алды
Ректор ТРТ- Авазга интервью берди
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан “ТРТ-Аваз” телеканалына интервью берди.
Ректор “ТРТ-Аваз”га берген маегинде Орто Азия региону жана Кыргызстан менен болгон байланышы 25 жылдан бери уланып келе жатканы, КТМУнун кыргыз жана түрк мамилелерине кошкон салымы жана алдыдагы пландары, курулушу пландалып жаткан медициналык факультети, пандемия шартында билим берүү форматынын ѳзгѳрүшү жана КТМУнун Кыргызстандагы санариптештирүү процессине кошкон салымы тууралуу айтып берди.
ТРТ жана Медиа Манас кызматташтыгы менен онлайн семинар ѳтүүдѳ
27-январдан 5-февралга чейин КТМУнун 25 жылдыгынын алкагында санарип медиа боюнча онлайн режимде семинар-тренинг жүрүп жатат.
Семинар Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) жана “Медиа Манас” борборунун кызматташтыгы менен уюштурулууда.
Уландысы: ТРТ жана Медиа Манас кызматташтыгы менен онлайн семинар ѳтүүдѳ
Ага окутуучу А.Сүйүндүков "мыкты режиссёр" наамын жеңип алды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр, КТМУнун коммуникация факультетинин ага окутуучусу Артыкпай Сүйүндүков толук метраждуу «Шамбала» тасмасы үчүн Индияда өткөн эл аралык “Калькут” кинофестивалында «Мыкты режиссёр» наамын жеңип алды.
Аталган фестиваль кинопродюсерлердин ассоциациясынын акредитациясынан өткөндүктөн, дүйнөдөгү абройлуу кинофестивалдардын катарында турат.
Пандемияга байланыштуу фестиваль 8-15-январь аралыгында онлайн форматта өттү.
Эске салсак, «Шамбала» тасмасы Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде экрандаштырылган.
Медиа Манас
Көз карандысыз аккредитациялоо процедуралары боюнча семинар өткөрүлдү
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде "Аккредитациянын аудитордук отчетун даярдоонун жол-жоболору жана процедуралары" деген темада семинар болуп өттү.
Уландысы: Көз карандысыз аккредитациялоо процедуралары боюнча семинар өткөрүлдү
КТМУ дары-дармек түрүндѳ жардам кѳрсѳттү
КТМУнун жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине дары-дармек түрүндѳ жардам берди.
Ректораттын көрсөтмөсү менен берилген дары-дармектер үстүбүздѳгү жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармектер менен камсыздоо департаментине жеткирилди.
Ректордун академиялык бѳлүмдѳр менен жолугушуусу уланууда
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан үстүбүздѳгү жылдын 18-январынан баштап, университеттин академиялык бѳлүмдѳрүнүн ѳкүлдѳрү менен жолугушуп, окуу жайдагы натыйжалуулукту дагы жакшыртуу боюнча ой-пикир алышып, сунуштарын угуп жатат.
Уландысы: Ректордун академиялык бѳлүмдѳр менен жолугушуусу уланууда
"Билим берүү процессинде жана илимий изилдөө иштеринде Wiley илимий журналдарын колдонуу" темасында вебинары

Университетибиздин китепканасынын иш чаралары натыйжасында 2021-жылдын 28-февралына чейин сыноочу байланыш ачылган “Wiley Online Library” электрондук маалымат базасын колдонуусу боюнча "Билим берүү процессинде жана илимий изилдөө иштеринде Wiley илимий журналдарын колдонуу" темасында вебинар 2021-жылдын 26-январында саат 15.30да GoogleMeet аркылуу өткөрүүнү пландоодо.
2020-2021- окуу жылынын жазгы семестрине магистратура жана докторантура (Ph.D.) программалары боюнча кирүү сынактардын жыйынтыгы

Кыргыз-Түрк «Манас» университети
Коомдук илимдер институту
2020-2021- окуу жылынын жазгы семестрине магистратура жана докторантура (Ph.D.) программалары боюнча кирүү сынактардын жыйынтыгы
12/01/2021- ЧЕЧИМ 2021.16.02
2021-жылдын 06-08-январь күндѳрү ѳткѳрүлгѳн магистратура жана докторантура (Ph.D) программаларына кабыл алуу сынактарынын натыйжасында ийгиликтүү болгон жана төмөндө аты аталган талапкерлердин университеттин “ЖОЖдон кийинки билим берүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын” 12-беренесине ылайык, 2020-2021-окуу жылынын жазгы семестрине каттоодон өтүүлөрүнѳ тиешелүү чечим бир добуштан кабыл алынсын.