Кабар жана жарыялар

КТМУнун окутуучулары КРнын Билим берүү жана илим министринин «Ардак грамотасы» менен сыйланышты.

 

Үстүбүздѳгү жылдын 1-ноябрь күнү университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзев чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсундагы кыргызстандык студенттери менен маектешүү кечесин өткөрүштү.

Үстүбүздѳгү жылдын 30-октябрында Корея Республикасынын Маданий мурастар боюнча борбордук институтунун мүдүрү, др. Чо Санг Джи (Cho Sang Gi) жана изилдөөчү, др. Ким Ву Хюн (Kim Woo Hyun) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармачылыгынын ага адиси Чынарбек Жолдошовдун коштоосу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келип кетишти.

Түркиянын Эгемендүүлүк майрамы белгиленди.

29-октябрь күнү университетте Түркия Республикасынын негизделишинин 95 жылдыгы белгиленди.

III Даректүү тасма фестивалынын сыйлоо аземи

Үстүбүздѳгү жылдын 23-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «III Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильмдери» фестивалында ийгилик жараткан студенттерди жана белгилүү режиссерлорду Бишкекте сыйлоо аземи болуп өттү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультети “Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильмдери” фестивалынан ийгилик менен кайтты.

3-жолу ѳтүп жаткан фестивалдын максаты – түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын башка өлкөлөргө таанытуу. Фестиваль бул жылы энелердин коомдогу ордун чагылдырган тематикада уюштурулган. Жалпы 20 мамлекеттен 140 тасма катышып, профессионалдык жана студенттик категория боюнча ат салышкан.

Университетте кызматташууга багытталган иштер уланууда.

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы Түндүк аймагы  боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза жүргүзүү борборуна иш сапары менен барып келди. Ага университеттин ветеринария факультетинин окутуучулары, профессор Үмит Гүрбүз жана доктор Наристе Кадыралиева да катышты.

XIII кылымда түрк ислам суфизминин өкүлү болуп жашап өткөн Юнус Эмренин жарыяланбаган 15 ыры табылды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коомдук илимдер институтунун мүдүрү, профессор Орхан Кемал Тавукчу Түрк тил курумунун колдоосу менен Кыршехир Ахи Эвран университети уюштурган эл аралык “Юнус Эмре жана Анадолуда түрк жазма тилинин өнүгүшү” аттуу илимий симпозиумга катышып келди. Симпозиумда профессор “Юнус Эмренин жарыяланбаган ырлары” деген темада баяндама окуду.

Университеттин куржуну дагы бир баш байге менен толукталды.

КТМУнун коммуникация факультеттинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенти Элнура Ташбаева “Asia Tourism-Induced Film and TV Arts Week” аттуу кинофестивалда баш байгеге ээ болду.

"Киноман" тасмасы бир канча сыйлыкка ээ болду.

Коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, режиссер Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы бир канча сыйлыкка татыды.