Кабар жана жарыялар

Университетте кызматташууга багытталган иштер уланууда.

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы Түндүк аймагы  боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза жүргүзүү борборуна иш сапары менен барып келди. Ага университеттин ветеринария факультетинин окутуучулары, профессор Үмит Гүрбүз жана доктор Наристе Кадыралиева да катышты.

XIII кылымда түрк ислам суфизминин өкүлү болуп жашап өткөн Юнус Эмренин жарыяланбаган 15 ыры табылды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коомдук илимдер институтунун мүдүрү, профессор Орхан Кемал Тавукчу Түрк тил курумунун колдоосу менен Кыршехир Ахи Эвран университети уюштурган эл аралык “Юнус Эмре жана Анадолуда түрк жазма тилинин өнүгүшү” аттуу илимий симпозиумга катышып келди. Симпозиумда профессор “Юнус Эмренин жарыяланбаган ырлары” деген темада баяндама окуду.

Университеттин куржуну дагы бир баш байге менен толукталды.

КТМУнун коммуникация факультеттинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенти Элнура Ташбаева “Asia Tourism-Induced Film and TV Arts Week” аттуу кинофестивалда баш байгеге ээ болду.

"Киноман" тасмасы бир канча сыйлыкка ээ болду.

Коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, режиссер Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы бир канча сыйлыкка татыды.

КТМУда “Manas Cup-2018” турнири башталды.

Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Cтуденттик иштер башкармалыгынын студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы, дене тарбия жана спорт жогорку мектеби жана бүтүрүүчүлөр ассоциациясы тарабынан уюштурулган  “Manas Cup-2018” футболдук турниринин тандап алуу оюндары өткөрүлдү. Ал Ч.Айтматов атындагы кампустун жаңы спорт аянтчасында болуп өттү.

ЭлТР. Атайын репортаж: КТМУ

2018-жылдын 24-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университети тууралуу атайын маалыматтык-аналитикалык репортаж кечки саат 19:40та, КРнын мамлекеттик «ЭлТР» телеканалынан кѳрсѳтүлдү. Программа «Атайын репортаж» деген аталышта «ЭлТР» телеканалынын журналисттери тарабынан даярдалды.

КТРК. Атайын репортаж: КТМУ

2018-жылдын 26-сентябрында  Кыргыз-Түрк «Манас» университети тууралуу атайын маалыматтык-аналитикалык репортаж күндүзгү саат 13:10да, ал эми кечки саат 21:40та, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) кѳрсѳтүлдү. Программа «Атайын репортаж» деген аталышта «КТРК» телеканалынын журналисттери тарабынан даярдалды.

Кыргызстандын шахмат боюнча аялдар курама командасы 2018-жылкы Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында алтын медалга ээ болду. Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык шахматчылар 13 упайга ээ болуп, жеңишти камсыздашкан.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн студенттери 9-октябрь күнү быйылкы 2018-2019-окуу жылында салтка айланып калган Кайрымдуулук тамак-аш жарманкесин уюштурушту. Жарманкеге студенттер менен факультеттин окутуучулары жасаган тамак-аштар сатылды.

Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында коммуникация факультетинин 2018-2019-окуу жылынын ачылыш аземи болуп өтүп, ага университет жетекчилери, факультеттин окутуучу жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн гимндеринин жаңырышы жана коммуникация факультетинин танытуу фильминин кѳрсѳтүлүшү менен башталды.