Кабар жана жарыялар

 Үстүбүздѳгү жылдын 3-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде кыргыздын улуу жазуучусу, ойчулу, коомдук жана мамлекеттик ишмери Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Айтматов - Фиеста” аттуу жогорку окуу жайлардын ортосунда студенттердин жалпы республикалык фестивалы болуп ѳттү. Фестиваль гуманитардык факультети, чыгыш тилдер бөлүмү (“орус тили жана адабияты” программасы  жана “кытай тили жана адабияты” программасы) жана Конфуций институтунун демилгеси менен өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты жана Көркөм өнөр факультетинин деканы доцент Анарбек Ибраевге,8 Декабрь 2018- жылы Кыргыз Республикасынын «Ардактуу инсандары» коомдук бирикмеси тарабынан «Кылым залкары» наамы ыйгарылып алтын медаль менен сыйлангандыгы менен куттуктайбыз жана алдыдагы чыгармачылык ийгиликтерди багынтуусуна тилектешпиз.

2018-жылдын 7-декабрында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, 2018-жылы ичинде ѳткѳрүлгѳн “Биз билген, биз билбеген Айтматов” аттуу иш-чаранын жыйынтыктоочу салтанаттуу аземи болуп ѳттү.

2018-жылдын 7-декабрь күнү университетибиздин  Гуманитардык факультети, Коммуникация факультети жана Көркөм өнөр факультеттери тарабынан улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган «Биз билген, биз билбеген Айтматов» аттуу сериялуу маданий иш-чаралардын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп өттү.

"Бакыт" тасмасы «Hak-İş эл аралык кыска метраждуу тасмалар» фестивалында сыйлык алды.

Окуу жайдын жетекчилери “Кыргыз тили” тѳш белгиси менен сыйланышты.

Кѳчмѳн элдердин мурасын даңазалаган симпозиум

2018-жылдын 22-23-ноябрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Салттуу оюндар жана спорт изилдөө борбору тарабынан Түрк тарых уюмунун, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын, Кахраманмараш мэрлигинин жана Муш Алпаслан университетинин колдоосу менен “III Эл аралык түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары”  симпозиуму болуп өттү.

Кахраманмараш шаар мэринин зыяраты

Кахраманмараш шаарынын мэри Фатих Мехмет Эркоч Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келип кетти.

Үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Абдүлкерим Сатук Буура Хан атындагы мечитинде Мухаммад Пайгамбарыбыздын туулган айынын урматына «Мавлид ан-Наби» кечеси өткөрүлдү. Ага университеттин  жетекчилиги жана кыргызстандыктар катышты.

Үстүбүздѳгү жылдын 19-20-ноябрь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө мекемесинин (ТҮБИТАК) жана Улуттук академиялык маалымат борборунун (УЛАКБИМ) адистери тарабынан семинар өткөрүлдү.