Кабар жана жарыялар

Үстүбүздѳгү жылдын 21-майында “Түрк элдеринин мамлекетти башкаруу салты жана Тон- Йокук” деген темада онлайн конференция болуп ѳттү. Конференция КТМУнун Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан даярдалды.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 20-май күнү «2019-2020-окуу жылындагы Бириккен академиялык жалпы жыйын» жана «Шейх Эдебалини эскерүү» программасы онлайн түрдө өттү.

Программаны университеттин телерадиоберүү башкармалыгынын мүдүрү Бүлент Намал алып барды.

КТМУда 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы онлайн режиминде белгиленди.

СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНА БАШКАРМАЛЫГЫНДАН КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

2020-2021 ОКУУ ЖЫЛЫ СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНА ҮЧҮН КАЙРЫЛУУЛАР (АРЫЗДАР)

18.05.202015.06. 2020  КҮНДӨРҮ  КАБЫЛ АЛЫНАТ.

СТУДЕНТТЕРДИН КАЙРЫЛУУ АРЫЗДАРЫ  ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ obis.manas.edu.kg

  ЭЛЕКТРОНДУК АДРЕСИ АРКЫЛУУ  ЖҮРГҮЗҮЛӨТ.

СТУДЕНТТИН ogrnot.manas.edu.kg САЙТЫНДА КОЛДОНГОН КОДУ АРКЫЛУУ КИРЕ АЛАТ.

Тиркеме:

  1. Студенттик жатаканада жашоо үчүн алгач кайрылуу арыз жазуу керек. Кайрылуу арызы жок студенттер  жатаканада жашоо үчүн кабыл алынбайт.
  2. Кайрылуу арызында үй-бүлөлүк абалды, университетте окуган бир туугандарынын санын жана башка балл берилүүчү жагдайлар белгиленген болсо, жатаканага  катталууда  ал    жагдайларды  тастыктоочу документтердин тиркелүүсү зарыл, тастыкталбаган учурда арыз жараксыз деп эсептелет.
  3. Кайрылуу арыздар балл берүү системасына ылайык баалангандан кийин эң жогорку балл алган студенттерден башталып тизмеге коюулуп, жатаканага негизки тизмеси менен өткөн студенттердин тизмеси жана кошумча (резервде турган) студенттердин тизмеси түзүлөт. Белгиленген убакыт аралыгында каттоодон өтпөгөн студенттер жатаканада жашоо укугунан айрылат жана алардын ордуна кошумча (резервде турган) тизмедеги студенттер кезегине жараша кабыл алынат.
  4. 2019-2020 окуу жылы үчүн төмөндөгү таблицада белгиленген. Жаңы окуу жылында жатакана төлөмдөрүндө өзгөрүү болсо кайрадан жарыяланат.

(Жатакана наркынан тышкары ар бир студенттен депозит 2500 сом алынат).

 

А БЛОК

Б БЛОК

С БЛОК

ДАЯРДОО КУРСУНУН  СТУДЕНТТЕРИ

-------

 

11.400 СОМ

 

11.400 СОМ

ЖОГОРКУ  КУРС СТУДЕНТТЕРИ

14.250 СОМ

11.400 СОМ

11.400 СОМ

САБАКТАРЫ  МАЙ АЙЫНДА  АЯКТООЧУ ЖОГОРКУ  КУРС СТУДЕНТТЕРИ (КОТОРМОЧУЛУК.ТУРИЗМ Ж.Б.)

 

 

12.750 СОМ

 

 

10.200 СОМ

 

 

10.200 СОМ

АКЫРКЫ КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИ

15.000 СОМ

 

12.000 СОМ

12.000 СОМ

 

  1. Жатаканага жайгашууда окуу жылынын аягына чейинки төлөм болуп  накталай банкка төлөнөт (Накталай төлөй албагандар үчүн экиге бөлүп төлөө жеңилдетүүсү каралган).
  2. КТМУ тарабынан чет өлкөлөргө практикага кеткен жана негизки кезек тизмеси менен жатаканага жайгашуу укугуна ээ болгон  студенттердин (орундары) сакталуу калат.  Бирок бул студенттер да башка студенттер сыяктуу эле Сентябрь айынан баштап жатаканада жашоо акысын төлөшөт.

 

 

 

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Салттуу оюндар жана спорт изилдөө борбору тарабынан эл аралык деңгээлдеги онлайн пленардык отурум уюштурулду.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы үстүбүздѳгү жылдын 13-майында ТРТ AVAZ телеканалынын «Каректе Евразия» берүүсүнүн коногу болду. Анда ректор короновирус пандемиясынан улам жаралган кырдаалда КТМУнун Кыргызстанга кошкон салымы жөнүндө маек курду.

 Көрсөтүү Медиа Манас борборунун Манас Фм радиосунан жана IP телеберүү аркылуу синхрондуу түрдө көрсөтүлдү.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиянын кырдаалына байланыштуу өлкөдө киргизилген чектөөлөрдүн негизинде окуу жайыбыз билим жана таалим тарбия берүү милдетин аралыктан окутуу менен улантып жатат. Мындай кадам илдеттин жайылуусуна жол бербөө үчүн Өзгөчө кырдаалды киргизүүдөн улам жасалууда.

Үстүбүздөгү жылдын 8-май күнү Стамбулда ShortCut Production тарабынан студенттер арасында жаш киночуларга арналган конкурс уюштурулган. Аталган конкурска коммуникация факультетинин бүтүрүүчүсү, магистрант  Асел Шамилова  “Эпидемияда жашоо” аттуу теманын алкагында “Жалгыз эмессиң” аттуу тасмасы менен катышып, экинчи орунга ээ болду.

Кыргызстандын айрым калктуу аймактарында  11-майдан (саат 00:00дон) тарта өзгөчө абал аяктайт.

 Бишкек, Ош шаарларына, Нарын облусунун Ат-Башы районуна жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна карантин киргизилет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтуусунда төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилет:

Коменданттык саат алынып салынат; Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга байланышкан чектөөлөр күчүндө калат;

Аталган аймактарда санитардык-карантиндик посттор орнотулат.

Өткөрмө кагаздар дагы деле колдонулабы?

Жок. Комендатура тарабынан берилген өткөрмө кагаздардын жарамдуулук мөөнөтү 11-майда (саат 00:00) аяктайт.

Шаар ичинде кимдер жүрө алат?

Ишмердүүлүгүнө уруксат берилген уюмдардын кызматкерлери.

Санитардык-карантиндик посттон кантип өтсө болот?

Анын атайын эрежелери иштелип чыккан. Жарандын колунда иштеген жеринен берилген маалымкаты болуш керек, маалымкат салык кызматы тарабынан мөөр менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл.  Салык кызматы тарабынан маалымкат алуу үчүн жарандар сөзсүз беткап кийип, кезекке турууда аралыкты сактоосу керек.  

Маалымкат Чүй облусунун аймагында жашап, бирок Бишкек шаарында иштегендер үчүн гана талап кылынат. Бишкекте жашап жана иштегендер үчүн маалымкаттын кереги жок.

Жаңы шарттарда кантип иштөө керек?

Мүмкүн болушунча аралыктан үйдө иштөө сунушталат. Кеңселердеги кызматкерлердин санын колдон келишинче азайтуу, иштеп жаткандардын арасында коопсуздук үчүн аралыкты сактоо зарыл.

Экономиканын иштей баштаган объекттери бардык санитардык эрежелерди сактоого тийиш.

Троллейбус жана автобустар жүрө баштайбы?

Жок, коомдук транспорт азырынча иштебейт.

Азырынча такси кызматына гана уруксат берилген.

Эмне үчүн бул аймактарга карантин киргизилди?

Анткени, эксперттердин жана адистердин маалыматы боюнча бул аймактарда вирусту жугузуу коркунучу жогору бойдон калууда.

Бир облустан экинчи облуска каттаса болобу?

Жок. Аймактар аралык каттамдарга мурдагыдай эле чектөө киргизилген.

Жеке автоунаа менен жүрүүгө болобу?

Болот, бирок өтө зарыл учурда жана жумушка баруу үчүн гана жүрүүгө болот.

Ифтарга адамдарды чогултса болобу? Жалпы иш-чараларга уруксат берилдиби?

Жок. Көп киши катышкан иш-чараларга тыюу салынган. Ифтар үчүн айып салынат.

Карантиндик шарттарда буларды ким жөнгө салат?

Жергиликтүү башкаруу органдары, Бишкекте - борбордун мэриясы.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда «Кыргыз Республикасынын президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал режими 2020-жылдын 10-майына (10-май кошулат) чейин узартылууда.

Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.