Кабар жана жарыялар

«Карьера күнү» иш-чарасы ветеринария факультетинде уланды.

Иш-чара 10-апрелде уюштурулуп, ага ветеринария тармагындагы алдыңкы 8 фирманын өкүлдөрү катышты.

2019-жылдын 27-мартында “Бишкек-Парк” соода-оюн-зоок борборунда Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясы тарабынан Кесиптик-техникалык билим берүү агеттигинин колдоосу менен “Бишкек кулинардык фестивалы” уюштурулду.

Үстүбүздѳгү жылдын 10-апрелинде  Кыргыз-Түрк  «Манас» университетинде «Кыргыз жана Түрк тилдерин Аралыктан окутуу программасынын»  ачылыш аземи  болуп ѳттү. Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, факультеттин мүдүрлѳрү, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын ѳкүлдѳрү, БГУнун окутуучулары жана Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулар жана студенттер жамааты катышты.

2019-жылдын 12-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Муратбек Жуматаев менен жолугушту.

«Ѳз кѳчѳтүңүздү тигип кетиңиз».

Окуу жайда жаз мезгили келээри менен жашылдандыруу, бак отургузуу иштери салтка айланган. Быйыл да Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун тегерегин жашылдандыруу максатында «Ѳз кѳчѳтүңүздү тигип кетиңиз» иш-чарасы болуп ѳттү.

Жетимиш жашта жети китеп.

2019-жылдын 4-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде белгилүү илимпоз, агартуучу, Айтматов таануучу, публицист жана КТМУнун Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Лайли Үкүбаеванын жаӊы китептеринин бет ачары болуп ѳттү.

Университеттин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинде «Карерьа күнү» иш-чарасы 28-март күнү Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өтүп, ага түрдүү мекемелер жана уюмдун өкүлдөрү катышты.

Студенттердин ийгиликтери.

28-29-март күндѳрү коммуникация факультетинин студенттери Жусуп Баласагын атындагы КУУда жыл сайын өткөрүлүүчү “Жоогазын” жарнама жана ПР улуттук фестивалына катышып, бардык багытта ийгиликке ээ болушту.

«Жаш журналисттер» конкурсунан сыйлык.

Коммуникация факультетинин студенти КРнын Өкмөтү тарабынан уюштурулган «Жаш журналисттер» конкурсунда сыйлыкка ээ болду.

Коммуникация факультети Ататүрк  университети тарабынан уюштурулган XV Эл аралык «Кар” кинофестивалында сыйлыкка ээ болду.