Кабар жана жарыялар

2015-жылдын 15-июнунда университеттин кезектеги 2015-2016-окуу жылынын Камкорчулар кеңешинин жыйыны жаңы ректорлук имаратында болуп өттү.

2015-жылдын 1-июнунда Кипр парламентинин депутаттары Паша Пасаогулар, Мехмет Чаглар жана Кипрдин Бишкектеги өкүлчүлүгү университетибиздин жетекчилиги менен жолугушту.

Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан түрк тилин окуткан мугалимдердин билимин (квалификациясын) жогорулатуу максатында «Түрк тилин чет тили катары үйрөтүү» сабагы аягына чыгып, катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.

2015-жылдын 28-майында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинде түрк тилиндеги субтитрдин коштоосунда «Курманжан Датка» тарыхый көркөм тасмасынын бет ачаары болуп, көрармандардын сынына коюлду. Аталган иш чара «Курманжан Датка» көркөм фильминде кийилген киийм (костьюмдардын) жана тасма тартылып жаткан учурдагы сүрөттөрдүн көргөзмөсү менен ачылды.

2015-жылдын 28-майынан 1-июнга чейин Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунда түрк товарларынын көргөзмө-жармаңкесинин ачылышы болуп өттү. Көргөзмөнүн уюштуруучулары «КЫТИАД» өнөр жай өндүрүүчүлөрдүн жана ишкерлердин кыргыз-түрк коому болду.

2015-жылдын 25-майында Түштүк Кореянын Ханкук Чет тилдер университетинин жетекчиси, профессор Сунгдон Хванг жана аталган университеттин өкүлдөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору менен жолугушту.

Жолугушууда Ханкук университетинин өкүлдөрү эки университет ортосунда кызматташууга, окутуучулар менен да тажрыйба алмашып иштөөгө кызыкдар экендигин билдиришип, меморандум түзүүгө макулдашып кетишти.

 

2015-жылдын 22-майында саат 15.00до Коммуникация факультетинин Кинозалында «Кыргызстандын жөө жүрүүчүлөр уюму» Коомдук бирикмеси МАНАС университетинин мугалимдери жана студенттери үчүн өздөрүн презентация – таанытуу иш чарасын өткөрүшөт.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин к оммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери 2015-жылдын 14-майында «Мегаком» компаниясында пиар жана реклама бөлүмүндө таанышуу практикасында болуп кайтышты. Практиканы коммуникация факультетинин кенже илимий кызматкери Мээрим Артышева жетектеп барды.

КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү окуу борборунун алкагында түзүлгөн 14 ар кандай кесиптик жана тил үйрөнүү курстарынына катышып, 209 бүтүрүүчү сертификаттарга ээ болушту.

Анда түркчө, кыргыз, орус, француз, англис, кытай тилдерин үйрөнүү жана ошондой эле оператор, фотограф, видео жана фото дизайн сыяктуу 14 ар кандай багыттагы программаларында билим алган 209 бүтүрүүчү өз сертификаттарын алышты.

Университет жетекчилери аталган борбордо билим берүү толугу менен акысыз өтүп, профессионал адистерди жана таалим тарбиячыларды даярдоо программалары ишке ашырып олтургандыгына кубануу менен студенттер өздөрүнө керектүү кесипти тандап, сапаттуу билим алышып, башка дагы чөйрөдө сонун карьера жасап, калкка ак дилден кызмат кылышат деген ойдобуз деген ишенимдерин билдирип, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалашты.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин Үзгүлтүксүз билим берүү окуу борборунун башчысы Xаяти Беширли аталган программа тууралуу толук маалымат берип, андан соң университет жетекчилери бүтүрүүчүлөргө бүтүргөндүгү тууралуу сертификаттарды жана окутуучуларга ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.

2015-жылдын 12-майында Түркия Республикасынын Куралдуу күчтөр башкы штабынын делегациясы, тагыраак айтканда, 7 генерал жана адмиралдары Манас университети менен таанышуу иш сапары менен келишип, университет жетекчилери менен жолугушту.