Бишкектен Жалпы билимдер, Гуманитардык илимдер жана Так илимдер боюнча эң мыкты тапшыргандар...
Манас - 2015 Студенттерди кабыл алуу жана жайгаштыруу борборунун (СКЖБ) сынак жыйынтыктары
Манас университетинде билим алууну каалаган абитуренттер үчүн Кыргызстандын ар тарабындаСтуденттерди кабыл алуу жана жайгаштыруу борбору өз ишин алпарып, абитуренттердин документтерин кабыл алды.
Ошентип, Бишкек, Каракол, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ош шаарларында жайгашкан СКЖ борборлоруна келип, каттоодон өткөн миӊдеген абитуренттер чыдамсыздык менен күтүп жаткан кирүү сынактарынын жыйынтыктары белгилүү болду.
Ректор “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ишканасында болуп келди

“ Кока - Кола Бишкек Боттлерс ” жабык акционердик коомунун генералдык мүдүрү Ердинч Гүзелдин чакыруусу менен университет ректору, профессор Себахаттин Балжы аталган ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, өз ара пикир алышып келди.
Уландысы: Ректор “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ишканасында болуп келди
Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз
Белгилүү театр режиссеру, д раматург жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Консерваториясынын Театралдык өнөр бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу Аманбек Жапаровдун “Эр достугу - эгиз, эл достугу - деңиз" аттуу спектаклинин бет ачары 2015-жылдын 25-июнунда Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында болду. Пьесада казак президенти Нурсултан Назарбаев менен кыргыздын коомдук ишмери Марат Акматаев экөөнүн достугу, алардын бала кезинен тартып студенттик мезгили чагылдырылат. Ошондой эле кыргыз менен казак элинин кылымдардан бери келаткан бир туугандык карым-катнашы, тилинин, нарк-насилинин, каада-салтынын окшоштугу, качанкы бир кездеги окуяларды, өткөн менен кеткенди эске салып, келечек муундардын ортосундагы маданий, достук байланышын арттырууга данакер боло турган баалуулуктар камтылган.
Ректор абитуриенттерди каттоо иштери менен таанышты
Университет ректору, профессор Себахаттин Балжы, Манас университетинин Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун башчысы Хакан Таш жана аталган борбордун жооптуу координатору Мирзат Ракимбек уулу менен бирге жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде өтүүчү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2015-2016-окуу жылы үчүн кирүү сынагынын каттоо иштери тууралуу маалымат алуу максатында абитуриенттер менен жолугушту.
Уландысы: Ректор абитуриенттерди каттоо иштери менен таанышты
Ректорубуздун Түркиядагы таанытуу иштери

2015- жылдын 13-14- июль күндөрү университет ректору , профессор Себахаттин Балжы Түркиянын мамлекеттик телерадиокомпанияларынын түз эфирлеринин коногу болуп катышып , Манас университетин таанытып келди .
КТМУнун коммуникация факультетинин студенттеринин КТРКнын “Дил маек” телекөрсөтүүсүндөгү жеңиши

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин студенттери Коомдук биринчи каналдын “Дил маек” аттуу жаңы долбооруна катышып, Жогорку Кеңештин депутуты Өмүрбек Текебаевге суроо берүү боюнча артыкчылык көрсөтүп, Кыргыз улуттук университетинин студенттерин жеңип кайтышты.
Камкорчулар Кеңешинин жыйыны...
2015-жылдын 15-июнунда университеттин кезектеги 2015-2016-окуу жылынын Камкорчулар кеңешинин жыйыны жаңы ректорлук имаратында болуп өттү.
Кипр парламентинин өкүлдөрү Манаста

2015-жылдын 1-июнунда Кипр парламентинин депутаттары Паша Пасаогулар, Мехмет Чаглар жана Кипрдин Бишкектеги өкүлчүлүгү университетибиздин жетекчилиги менен жолугушту.
Тил үйрөтүү сабагы аягына чыкты

Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан түрк тилин окуткан мугалимдердин билимин (квалификациясын) жогорулатуу максатында «Түрк тилин чет тили катары үйрөтүү» сабагы аягына чыгып, катышуучулар сертификаттарга ээ болушту.
«Курманжан Датка» тасмасы түркчө субтитр менен

2015-жылдын 28-майында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинде түрк тилиндеги субтитрдин коштоосунда «Курманжан Датка» тарыхый көркөм тасмасынын бет ачаары болуп, көрармандардын сынына коюлду. Аталган иш чара «Курманжан Датка» көркөм фильминде кийилген киийм (костьюмдардын) жана тасма тартылып жаткан учурдагы сүрөттөрдүн көргөзмөсү менен ачылды.