Кабар жана жарыялар

2015-жылдын 28-майынан 1-июнга чейин Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунда түрк товарларынын көргөзмө-жармаңкесинин ачылышы болуп өттү. Көргөзмөнүн уюштуруучулары «КЫТИАД» өнөр жай өндүрүүчүлөрдүн жана ишкерлердин кыргыз-түрк коому болду.

2015-жылдын 25-майында Түштүк Кореянын Ханкук Чет тилдер университетинин жетекчиси, профессор Сунгдон Хванг жана аталган университеттин өкүлдөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору менен жолугушту.

2015-жылдын 22-майында саат 15.00до Коммуникация факультетинин Кинозалында «Кыргызстандын жөө жүрүүчүлөр уюму» Коомдук бирикмеси МАНАС университетинин мугалимдери жана студенттери үчүн өздөрүн презентация – таанытуу иш чарасын өткөрүшөт.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин к оммуникация факультетинин коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери 2015-жылдын 14-майында «Мегаком» компаниясында пиар жана реклама бөлүмүндө таанышуу практикасында болуп кайтышты. Практиканы коммуникация факультетинин кенже илимий кызматкери Мээрим Артышева жетектеп барды.

КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү окуу борборунун алкагында түзүлгөн 14 ар кандай кесиптик жана тил үйрөнүү курстарынына катышып, 209 бүтүрүүчү сертификаттарга ээ болушту.

Анда түркчө, кыргыз, орус, француз, англис, кытай тилдерин үйрөнүү жана ошондой эле оператор, фотограф, видео жана фото дизайн сыяктуу 14 ар кандай багыттагы программаларында билим алган 209 бүтүрүүчү өз сертификаттарын алышты.

2015-жылдын 12-майында Түркия Республикасынын Куралдуу күчтөр башкы штабынын делегациясы, тагыраак айтканда, 7 генерал жана адмиралдары Манас университети менен таанышуу иш сапары менен келишип, университет жетекчилери менен жолугушту.

2015-жылдын 11-майында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде "Ачык эшик" күнү болуп өттү.

Иш чара Ч.Айтматов атындагы Студенттик шаарчада, Экономика жана башкаруу факультетинин фойесинде жана К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында өттү.

1941-1945 – жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Алардын 160 миңге чукулу согушта курман болгон. Бүгүнкү күнү Орусия баштаган бир катар мамлекеттерде Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиши салтанаттуу майрамдалып, ири аскерий параддар уюштурулуп, ошол кездеги советтик жетекчиликтин көрөгөчтүгү жана советтик аскердин эрдиги тууралуу жалындуу сөздөр абдан көп айтыл ып келет.

2015-жылдын 4-майында Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан түрк тилин окуткан мугалимдердин билимин (квалификациясын) жогорулатуу максатында «Түрк тилин чет тили катары үйрөтүү» сабагы башталды.

2015-жылдын 30-апрелинде Түкиянын Байбурт университетинин ректору, профессор Селчук Чошкун жана анын өкүлдөрү университет жетекчилери, биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев жана проректор Махмут Изжилер менен жолугушту.