Кабар жана жарыялар

2015-жылдын 21-декабрында Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүнүн башчысы, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбековдун “Журналистика негиздери” деген окуу китебинин ачылышы болуп өттү.

Китептин ачылыш аземине окуу жайыбыздын жетекчилери, коомдук ишмерлер, автордун замандаштары жана студенттер катышышты.

25-декабрь күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын Маданият бөлүмү тарабынан даярдалган «Жаңы жылды утурлай, Манаста бий, күү ушундай» аттуу жаңы жылдык концерт болуп өттү.

201 6 -ЖЫЛДЫН 9 -23 - ЯНВАРЬ КҮНДӨРҮ УНИВЕРСИТЕТИБИЗДИН АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АРАСЫНДА VII КЫШКЫ “ДЕН СООЛУК” СПАРТАКИАДАСЫ ӨТКӨРҮЛӨТ. СПАРТАКИАДАНЫН ШАРТЫ ЖАНА ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА ТОЛУК МААЛЫМАТТЫ ftp://ftp.manas.edu.kg/upload/ V II _KIS_SAGLIKLI_YASAM_TURNUVASI/ ПАПКАСЫНАН АЛА АЛАСЫЗДАР. БААРЫҢЫЗДАРГА ИЙГИЛИК КААЛАЙБЫЗ!

2015-жылдын 19-декабрында университеттин кезектеги Камкорчулар кеңеши нин жыйыны Түркиянын борбору Анкара шаарында өттү.

ϴзбекстандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарымдуу элчиси Комил Рашидов окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы менен жолугушуп, ыраазычылыгын билдирди.

2015 -жылдын 10-14 - декабр ь күндөрү  Казакстандын Атырау шаарында кыз-келиндер жана мырзалар арасында өткөн самбо боюнча Азия чемпионаты нда университеттин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин 2 курсунун студенти Тетиев Иманбек экинчиликти багындырып, күмүш медаль менен сыйланды.

Университетибизде 16-декабрь күнү улуу кыргыз эл акыны Жеңижоктун 155 жылдык маарекесине карата акындын чыгармачылыгы жана өмүр таржымалына арналган кече болуп өттү. Иш чара Студенттик Кеңеши тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Анварбек Мокеев, окутуучулар, атайын чакырылган коноктор жана студенттер катышышты.

2015-жылдын 14-декабрында К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында Айыл чарба факультетинин студенттери тарабынан 2 саатка созулган “AGRO INTELLECT” аттуу адистик акыл таймашы болуп өттү.

2015-жылдын 19 - ноябрында Гуманитардык факультетинин философия бөлүмү ЮНЕСКО тарабынан кабыл алынган дүйнөлүк философия күнүн белгиледи. Дүйнөлүк философия күнүнө жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 20 жылдык мааракесине карата биринчи жолу университеттер арасында «Философиянын өнүгүүсүндөгү заманбап маселелер» деген аталыштагы студенттик конференция да уюштурулду. Конференцияга Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргызстандын эл аралык университети жана КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын студенттери катышышты.

Мевлана алмашуу программасынын алкагында 15ге жакын университеттен келген студенттер үчүн Кыргызстандын   маданий -тарыхый эстеликтери менен тааныштыруу саякаты уюштурулду.