Кабар жана жарыялар

10-декабрь күнү Театралдык өнөр бөлүмү тарабынан даярдалган “Поэзия кечесинин” кезектеги коногу КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, КРнын Эл акыны Эгемберди Эрматов болду. Аталган бөлүмдүн башчысы Аманбек Жапаров чыгармачылык жолугушууну ачып жатып, акындын өмүр жолуна учкай токтоло кетти. Андан кийин Театралдык өнөр бөлүмүнүн ага окутуучусу Калича Сейдалиеванын жетекчилиги менен 2-курстун студенттери акындын “Арыстан баба – аңызы” поэмасын сахналаштырып, лирикалык ырларын көркөм окуп, жогорку деңгээлде аткарышты. Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Мехмет Башбуг акын Э.Эрматовдун айрым ырлары түрк тилине дагы которулганын баса белгилеп, анын чыгармаларынын Түрк дүйнөсүндө татыктуу орду бар экенин айтты. Ал эми Гуманитардык факультететинин деканы, профессор Лайли Үкүбаева болсо, Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунда Э.Эрматов менен окуган мезгилди эскерип, анын чыгармачылыгынын өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

КТМУнун Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен болгон байланышуусун ийгиликтүү улантып келет.

Орток тили , маданияты жана тарыхы менен биригип турган түрк дүйнөсүнүн нукура баалуулуктарын даңазалап , социалдык - экономикалык жана маданий кызматташуу боюнча бир катар долбоорлорду иш жүзүнө ашырып келе жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын алтынчы жыйыны үстүбүздөгү жылдын 3-4-декабрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында болуп өттү.

2015-жылдын 3-декабр ын да Түрк тилдүү элдердин маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙ,   Кыргыз улуттук жазуучулар союзу, Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргеликте уюштурган "Беш акын" теледолбоорун а КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин Кыргыз тили координаторлугунун окутуучусу, акын Алтынбек Исмаилов да катышып, өзүнүн мыкты ырлары жана ыр жазгандан башка өнөрлөрүн көрсөтү п, 8 0-жылдар аралыгында жарык дүйнөгө келген акындар арасында биринчиликти жеңип алды.

Мектеп окуучуларынын университетибиз менен таанышуусу салтка айлангандай, быйылкы жылдын 5-ноябрь жана 27-ноябрь күндөрү Ысык-Көл облусунан К.Карасаев атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинен 80ге жакын, ал эми Таластан 5 жана Токмок шаарынан кыргыз-түрк балдар лицейинен 60га жакын 11-класстын окуучулары Манас университети боюнча маалымат алуу максаты менен келип кетишти.

КТМУнун Студенттик кеңешинин “Ак ниет” кайрымдуулук клубу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жыл сайын өткөрүп келген “Кубанычыбызды тең бөлүшөлү” аттуу кайрымдуулук иш чарасын 3-декабр ь күнү өткөрүштү. Иш чарага   « Үмүт -Надежда»   реабилитациялык балдар борборунун жана Калыс Ордо атындагы конушунан 20 бала келишкен.

2010-жылдан бери бир топ эл аралык долбоорлорду ишке ашырып, зор ийгиликтерди багынтып келе жаткан, бир катар сыйлыктарга жана жетишкендиктерге ээ болгон, билим берүүдө жана илим тармагында өз орду бар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мындай татыктуу ийгиликтерге жетишүүсүнө жалпы жамаат менен биргеликте албан эмгек жумшаган окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаевдин иш мөөнөттөрү жакында аягына чыккан эле. Жетекчилерибиздин бул кызматтарга кайрадан ишеним көрсөтүлүп, бекитилүүлөрү окуу жайдын жалпы жамаатына чоң кубаныч жаратты.

С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университетинин ректору, профессор Дамира ϴмүралиева Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы менен жолукту.

Жолугушууда аталган университеттин ректору Д.ϴмүралиева окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжыны Кыргыз-Түрк «Манас» университетине экинчи ирет ректор болуп дайындалышы менен куттуктады жана эки окуу жай ортосунда кызматташууга кызыкдар экендигин билдирип, өз ара кызматташуу тууралуу меморандум түзүүгө макулдашты.

Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу Сапаргүл Турдубекова 25-ноябрь күнү Кыргызстандагы жергиликтүү 5-канал телеканалында “Таңкы 5-канал” программасынын (түз эфирде) мейманы болуп келди.

Дене Тарбия Жана Спорт Жогорку Мектебинин II курсунун студенти Мадина Надирова Россиянын Казань шаарында 2015ж.