Кабар жана жарыялар

2015-жылдын 7-апрель күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 20 жылдыгынын алкагында Консерваториянын « Театралдык өнөр” бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери дүйнөлүк классик драматург Вильям Шекспирдин “ Текке кеткен аракет ” (Безплодные усилие любви, Aşkın emegi boşuna) комедиясын сахналашатырды.

Таанытуу иштери жүрүп жатат. 3-апрель күнү да «SECOM» окутуу борборунан жана «Ыйык Ата-Журт» коомдук бирикмеси тарабынан да 200дөй 11-класстын, тагыраак айтканда, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана борборубуз Бишкектен мектеп окуучулары Чынгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча менен таанышышып, кирүү сынактары тууралуу маалымат алышып кетишти.

Жаңы ректордук имаратынын ичинде көп максаттуу, жыйындар жана лекциялык залы, Окумуштуулар кеңешинин, университет башкармалыктарынын жана кызматкерлердин иш кабинеттери, тагыраак айтканда, 3014 метр квадраттык аянтты камтыган заманбап Ректордук имараты ишке берилди.

Ректорубуз Радио -TV орток эфирибиздин коногу болду

Ректорубуз профессор доктор Себахаттин Балжы, 2015 жылдын 31 март күнү Манас Радио- TV нын орток эфиринде конок болду.

Ректорубуз ар айда радиобуздун эфирине катышып, университетибизде болгон жаңылыктар менен бөлүшкөн программа бул жолу, радио жана tv , орток эфири болуп, интернет каналыбыздан түз обого чыкты.

2015-жылдын 31-мартында университетте Таджикистандын маданий күнү белгиленди. Иш чара Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Таджикистандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан биргелешип уюштурулду.

Мектеп окуучуларынын университетибиз менен таанышуусу салтка айланды, учурда Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Ош жана борборубуз Бишкектен мектеп окуучулары Чынгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча менен таанышышып, кирүү сынактары тууралуу маалымат алышып жатышат.

КТМУга «SECOM» окутуу борборунан Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынан 11-класстын окуучуларынан турган 145 окуучу келишти. Алар Чынгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча менен таанышышып, кирүү сынактары тууралуу маалымат алышты. Окуучулар кетип жатып Кыргызстанда да Европадагыдай билим алууга мүмкүнчүлүк бар экендигине ишенишип, келечекте биздин окуу жайыбызда окууну каалашкандыктарын жашырышкан жок.
«Secom» билим берүү борбору мектептерден сырткары окуучуларга кошумча билим берүү максатында 1996-жылы ачылган. Аталган борбордун тармактары кеңейтилип учурда «Secom» билим берүү мекемеси деп аталат. Кошумча сабак алып, билим деңгээлимди жогорулатам деген жарандар үчүн жалпы республикалык тесттирлөөгө даярдоо жана англис, орус, түрк, кыргыз тилдери менен компьютердик курстан кошумча окутуу жүргүзүлөт.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Нооруз-2015» майрамдык салтанаты 21-март күнү К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында өзгөчө шаң менен өттү.

2015-жылдын 18-мартында Чанаккале жеңишинин 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү.

13-март күнү Улуттук илимдер академиясында кыргыз элинин залкар акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси белгиленди. Бул с алтанаттуу иш чараны Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев ачып жатып, кайталангыс талант Алыкул Осмоновдун кыргыздын жазма адабиятында өзгөчө орду бар экенин, анын поэзиясынын түбөлүктүүлүгүн, улуулугун белгиледи.