Котормочулардын ассоциациясын түзүү демилгеси көтөрүлдү

Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы менен Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан уюштурулган «Котормонун мааниси жана максаты» аттуу семинары болуп өттү.
Уландысы: Котормочулардын ассоциациясын түзүү демилгеси көтөрүлдү
Орто Азияны изилдөө борбору семинарлары: “Экстремизмге каршы күрөшүү”

Темасы: “Экстремизмге каршы күрөшүү”
Лектор: Мохаммад Башар Арафат, Жамааттар ортосундагы алмашуу жана кызматташтык фондунун президенти
Организаторлор: Орто Азияны Изилдөө Борбору, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы
Жери: Кыргыз-Түрк « Манас » университети, Жал кампусу, Социалдык курулуштар имараты Сенато салону, Бишкек, Кыргызстан
Датасы: 13 -март 2015
Сааты: 11:00
Семинар англис тилинде өтөт (орусчага синхрондуу которулат) .
Укмуштуудай прогрессиялар китебинин бет ачары

2015-жылдын 6-мартында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде жакында мектеп окуучулары үчүн жарык көргөн математика: «Укмуштуудай прогрессиялар» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.
Германиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери менен жолугушту

14-мартта Германиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гудрун Мария Срага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери менен жолугушту. Бул иш чара Орто Азияны изилдөө борбору ORASAM жана “Эл аралык мамилелер” клубунун “Элчи менен жолугушуу” программасынын бир бөлүгү болуп саналат.
Уфа Мамлекеттик Экономика жана сервис университети менен келишим

Кыргызстанда алгачкы жолу 3-марттан 6-мартка чейин Башкортостандын маданият жана илим күндөрү өткөрүлдү. Масштабдуу иш-чара башкыр киносунун күндөрү менен ачылып, салтанатуу ачылышы 4-мартта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында болуп өттү.
Уландысы: Уфа Мамлекеттик Экономика жана сервис университети менен келишим
Болочоктогу актерлер драматург М.Тойбаев менен жолугушту

Шаршембиде 25-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Театралдык өнөр бөлүмү б елгил үү драматург, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдык мааракесинин алкагында чыгармачылык кече өткөрдү. Иш чарага КРнын Эл акыны Гүлсара Момунова, КРнын Эл жазуучусу Меңди Мамзаирова, КРнын Эл артисти Дарика Жалгасынова, белгилүү манасчы жана акын Сапарбек Касмамбетов, жазуучу Сейит Жетимишев жана башка акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер катышышты.
Уландысы: Болочоктогу актерлер драматург М.Тойбаев менен жолугушту
Франциянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчисинин Кыргыз-Түрк «Манас” университетинин студенттери менен жолугушуусу

2015-жылдын 25-февралында Франциянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчси Стеффан Катта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери менен жолугушту. Бул иш чара Орто Азияны изилдөө борбору жана “Эл аралык мамилелер” клубунун “Элчи менен жолугушуу” программасынын бир бөлүгү болуп саналат.
Таджикистандын Кыргызстандагы элчиси менен
2015-жылдын 26-февралында Таджикистандын Кыргызстандагы элчиси Рахимов Олим Манас университетинин студенттери менен жолугушууга келди. Иш чараны КТМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмү уштурган.
Өзбекстандын маданий күнү белгиленди

2015-жылдын 20-февралында университетте Өзбекстандын маданий күнү белгиленди. Иш чара Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан биргелешип уюштурулду.
Балет - менин жашоом

2015-жылдын 5-февралында бүткүл дүйнө жүзүнө Кыргызстанды балет искусствосу менен тааныта алган, өзгөчө таланттуу инсан, кыргыз элинин сыймыгы болгон балерина Айсулуу Токомбаева Консерватория факультетинин окутуучу жамааты жана студенттери менен жолугушуп, маек курду.