Кабар жана жарыялар

Университетибиздин Туризм жана мейманкана жогорку мектебинин – Мейманкана иштетүү бөлүмүнүн биринчи курсунун студенти Акбий Акматов 2015-жылдын 9-апрелинде Жалал-Абад шаарында болуп өткөн “Азыркы учурдагы жаштардын келечегине ылайык көйгөйлүү маселелерди чечүү” аттуу симпозиумда “Кыргызстандын табигый байлыктарын экономикалык жактан өнүктүрүү” баяндамасы менен катышып, биринчи байгелүү орунга ээ болуп келди.

2015-жылдын 8-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 20 жылдык мааракесинин алкагында Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин уюштуруусу менен студенттер арасында «Туризмдеги III жаңы идеялар - 2015»  аттуу кароо-сынагы болуп өттү.

Айлана-чөйрөнү таза карасак таза жана сергек жашайбыз деген ураан менен Манас университети 11-апрель күнү Чыңгыз Айтматов атындагы Студенттик шаарчанын ичинде ишембилик өткөрдү. Университеттин ректору баш болуп, окутуучулар жана студенттер катышкан ишембиликте кампустун айлана-тегереги тазаланды жана көчөт отургузуу иштери жүрдү. Чоң бир үй бүлөгө айланган Манас университети ар дайым таза, эң мыкты шарттарда болуп туруусу керектигин ректор белгилеп өттү.

2015-жылдын 10-апрелинде К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында Экономика жана башкаруу факультетинин профессору Жусуп Пиримбаевдин 60 жылдык мааракесине карата даярдалган илимий «К динамичному, устойчивому и стабильному развитию» деген китебинин бет ачары болуп өттү. Иш чарага университет жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмерлери, кесиптештери жана студенттер катышты.

Кыргыз-Түрк “ Манас ” университетинин Орто Азияны изилдөө борбору (ОАИБ) жана “Эл аралык мамилелер” клубу тарабынан уюштурулган “Элчи менен жолугушуу” программасынын кезектеги коногу Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук укуктуу элчиси Али Наджафи Хошруди болду. Элчи студенттерге “Ирандын Орто Азия өлкөлөрү жана Кыргызстан менен болгон мамилелери” деген темада семинар өткөрдү.

2015-жылдын 7-апрель күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 20 жылдыгынын алкагында Консерваториянын « Театралдык өнөр” бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери дүйнөлүк классик драматург Вильям Шекспирдин “ Текке кеткен аракет ” (Безплодные усилие любви, Aşkın emegi boşuna) комедиясын сахналашатырды.

Таанытуу иштери жүрүп жатат. 3-апрель күнү да «SECOM» окутуу борборунан жана «Ыйык Ата-Журт» коомдук бирикмеси тарабынан да 200дөй 11-класстын, тагыраак айтканда, Талас, Нарын, Ысык-Көл жана борборубуз Бишкектен мектеп окуучулары Чынгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча менен таанышышып, кирүү сынактары тууралуу маалымат алышып кетишти.

Жаңы ректордук имаратынын ичинде көп максаттуу, жыйындар жана лекциялык залы, Окумуштуулар кеңешинин, университет башкармалыктарынын жана кызматкерлердин иш кабинеттери, тагыраак айтканда, 3014 метр квадраттык аянтты камтыган заманбап Ректордук имараты ишке берилди.

Ректорубуз Радио -TV орток эфирибиздин коногу болду

Ректорубуз профессор доктор Себахаттин Балжы, 2015 жылдын 31 март күнү Манас Радио- TV нын орток эфиринде конок болду.

Ректорубуз ар айда радиобуздун эфирине катышып, университетибизде болгон жаңылыктар менен бөлүшкөн программа бул жолу, радио жана tv , орток эфири болуп, интернет каналыбыздан түз обого чыкты.

2015-жылдын 31-мартында университетте Таджикистандын маданий күнү белгиленди. Иш чара Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Таджикистандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан биргелешип уюштурулду.