Кабар жана жарыялар

2014-жылдын 6-февралында Кыргыз-Түрк Манас университети, Орто Азия изилдөөлөр борбору (ORASAМ) жана Ахмет Яссеви атындагы Эл аралык университетинин Евразия изилдөө эл аралык институту тарабынан уюштурулган « (ЕврАзЭС) Бажы биримдиги: Казакстандын тажрыйбасы жана Кыргызстандын багыт алуусу» деген темада эл аралык семинар болуп өттү.

Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин Илимий Изилдөөлөр борборунда 2013-жылдын 19-ноябрында университетибиздин ректору проф., докт., Себахаттин Балжынын төрагалыгы астында борбордун жетекчилери жана орун басарларынын катышуусу менен чогулуш болуп өттү.

201 4 -жылдын 28-январында «Discover Asia» долбоорунун негизинде Борбордук Азияны Изилдөө Борбору ( ORASAM ) жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык фонду тарабынан уюштурулган орусиялык белгилүү чыгыш таануучу жана ислам таануучу Алексей Малашенконун катышуусунда «Исламдын Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш жана Орусия коомчулугундагы орду» деген темада ачык лекция болуп өттү.

2014-жылдын 13-февралында Гуманитардык факультетинин 2013-окуу жылында жасалган илимий-иштердин жыйынтык отчету боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйын университет жетекчилеринин катышуусунда өттү.

201 4 -жылдын 14 -февраль күнү Табигый илимдер факультетинин M атематика бөлүмү тарабынан, Аламедин районуна караштуу Б.Бейшеналиева атындагы жана Озерное мектептеринин физика мугалимдери жана окуучулары үчүн университетти таанытуу иш чаралары уюштурулду.

2014-жылдын 20-февралында Сахна лабораториясында Консерватория жогорку мектебинин Актердук өнөр бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери Актердук чеберчилик сабагы боюнча: «Жомок дүйнөсүнө саякат» деген практикалык ишин көрүүчүлөргө тартуулады. Алар эстон эл жомогу “Үч тилек”, жапон эл жомогу “Маймылдын боору”, орус эл жомогу “Аязчы” жана корей эл жомогу “Жылдыз курт менен Сөөлжан” деген чыгармаларды жогорку деңгээлде сахналаштырды.