Кабар жана жарыялар

Кыргыз-Түрк «Манас» университети Оксфорд Академиялык Союзуна мүчө болуп кирди. Жакында ректор Себахаттин Балжы Европалык Бизнес Ассамблеясынын чакыруусу менен жана эл аралык “Сократ сыйлыгынын” лауреаттарынын урматына өткөрүлө турган Австриянын Вена шаарында Паллавичин крон­принц сарайында өткөн иш ­чарага катышып келди.

Салтанатта КТМУнун ректору Себахаттин Балжыга Оксфорд Академиялык Союзуна киргендигин тастыктаган мүчөлүк сертификаты тапшырылды.

Аталган союз 2014-жылдын 13-октябрында Европанын эң байыркы жана илимий борбору катары даңкталган Оксфорд университетинде Оксфорд Лидерлер саммитинин «Илим жана Билим. Өнүгүүнүн инновациялык моделдери» аталышындагы отурумунда Европалык Ректорлор клубу алкагында түзүлгөн.

Бул жолугушуунун уюштуруучулары Европалык бизнес Ассамблеясы, эл аралык Вена университети, эл аралык Сократ комитети жана Европалык ректорлор клубу.

2014-жылдын 25-декабрында атактуу татар агартуучусу Исмаил Гаспыралынын дүйнөдөн кайтышынын 100 жылдыгына арналган “Тилде, ойдо жана аракетте биримдик: каердебиз?” аттуу илимий конференция болуп өттү. Ал конференцияга Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркия Республикасынын вице-примьер-министри Нуман Куртулмуш да катышты.

Коомдук – маалымат аналитикалык Мекен-инфо гезитинин 2014-жылдын мыктыларын аныктоо сурамжылоосунда «Кыргыз-Түрк «Манас» университети «Жылдын мыкты университети» деп табылды.

2014-жылдын 23-декабрында «Кыргыз Туусу» Кыргыз Республикасынын Улуттук расмий гезитинин редакциялык коллегиясынын 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча, Европанын илимий өндүрүш палатасынын иликтөөсү боюнча дүйнөдө эң мыкты 200 жогорку окуу жайынын, Россиялык «Эксперт РА» рейтинг агенттигинин изилдөөсү боюнча КМШдагы эң мыкты университеттердин катарына киргендиги жана Кыргызстандагы коррупциясыз окуу жайы болгону үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университети «Жылдын мыкты окуу жайы» деп таанылды.

Дүйнөлүк Философия Күнү ЮНЕСКО тарабынан Ноябрь айынын 3-бейшембисинде майрамдалсын деген 2002 жылында демилге көтөрүлөт. Бул күндү майрамдоо менен ЮНЕСКО адамдын өнүгүшүндөгү, ар бир маданият жана ар бир инсан үчүн философиянын баалулугун даңазалайт. ЮНЕСКОнун Генералдык Директору Ирина Бокова минтип айтат: “Азыркы күндүн татаалдыгы менен кезигишүүдө, философия эң оболу адамды момундукка чакырат, акыл менен коштолгон диалогду бекемдейт, контролдон оолактанган маселелерди биргелешип чечкенге өбөлгө түзөт. Философия акылсыздык менен күрөшүүгө даяр болгон билимдүү жарандарды тарбиялоонун эң мыкты жолу деп түшүнөбүз. Кыйынчылыктар канчалык көп болгон сайын, тынч жана туруктуу өнүгүүнүн баалулугун билиш үчүн ошончолук философияга болгон муктаждык көбөйүүдө”.

12-15-декабрда "Манас" кинотеатрында "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышында эл аралык кинофестивалы болуп өттү. Анда 14 мамлекеттен келген режиссерлордун тасмалары, тагыраак айтканда Грузия, Молдова, Белорусия, Орусия, Армения, Азербайжан, Латвия, Литва, Эстония, Украина, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казахстан, Тажикстан жана Кыргызстан катышкан сынакта Эл аралык программа боюнча 13 тасма, ал эми улуттук 10 фильм ат салышты. Кинофестивалдын алкагында фильмдер эл аралык жана улуттук категорияда каралып, 40 мүнөттөн ашпаган көркөм, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар көрсөтүлдү.

12-декабрда К. Молдобасанов атындагы Улуттук Консерваторияда Ч. Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы (2011-2012-жылдар үчүн) ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземинде 6 лауреатка, 9 дипломантка сыйлыктары ыйгарылды.

2014-жылдын 12-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Гуманитардык жана Коммуникация факультети жана «Ысык-Көл» форуму тарабынан уюштурулган Кыргыз эл жазуучусу, адамзат дүйнөсүнө гүлазык болор көркөм дөөлөттөрдү жараткан улуу калемгер, улуу ойчул Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган «Адамзаттын Айтматову» аттуу эскерүү кечеси болуп өттү.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы 10-ноябрь «Бүткүл дүйнөлүк жаштар» күнүнө карата КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги коллегиясынын (123-номерлүү, 06.11.2014) чечиминин негизинде Жогорку кесипкөйлүгү, кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы, чыгармачыл ишмердүүлүгү жана жигердүү иши үчүн аталган министрликтин Ардак Грамотасы менен сыйланды.

2014-жылдын 9-декабрында Улуттук китепканада Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонду тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты журналисти 2014» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык берүү иш чарасы болуп өттү.

Аталган фонд Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу, жаш акын Алтынбек Исмаиловго улут маселесин чеберчилик менен чагылдыргандыгы үчүн «Улутман» сыйлыгын тапшырды.

КТМУнун жалпы жамааты Алтынбек Исмаиловду сыйлыгы менен куттуктап, мындан ары да чоң ийгиликтерди багынта беришин каалайт.

Эске сала кетсек, белгилүү коомдук ишмер, чыгаан журналист, публицист Мелис Эшимканов 2011-жылы 15-сентябрда 49 жашында каза болгон. Биринчи жолу бул сынак 2012-жылдын 9-декабрында Мелис Эшимкановдун туулган күнүндө башталган. Мыкты журналист аталышындагы сынак ар жылы Кыргызстандагы ММКдын бардык өкүлдөрүнүң арасында өткөрүлүп келет.