Кабар жана жарыялар

2015-жылдын 6-мартында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде жакында мектеп окуучулары үчүн жарык көргөн математика: «Укмуштуудай прогрессиялар» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

14-мартта Германиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гудрун Мария Срага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери менен жолугушту. Бул иш чара Орто Азияны изилдөө борбору ORASAM жана “Эл аралык мамилелер” клубунун “Элчи менен жолугушуу” программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

Кыргызстанда алгачкы жолу 3-марттан 6-мартка чейин Башкортостандын маданият жана илим күндөрү өткөрүлдү. Масштабдуу иш-чара башкыр киносунун күндөрү менен ачылып, салтанатуу ачылышы 4-мартта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында болуп өттү.

Шаршембиде 25-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Театралдык өнөр бөлүмү б елгил үү драматург, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдык мааракесинин алкагында чыгармачылык кече өткөрдү. Иш чарага КРнын Эл акыны Гүлсара Момунова, КРнын Эл жазуучусу Меңди Мамзаирова, КРнын Эл артисти Дарика Жалгасынова, белгилүү манасчы жана акын Сапарбек Касмамбетов, жазуучу Сейит Жетимишев жана башка акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер катышышты.

2015-жылдын 25-февралында Франциянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчси Стеффан Катта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери менен жолугушту. Бул иш чара Орто Азияны изилдөө борбору жана “Эл аралык мамилелер” клубунун “Элчи менен жолугушуу” программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

2015-жылдын 26-февралында Таджикистандын Кыргызстандагы элчиси Рахимов Олим Манас университетинин студенттери менен жолугушууга келди. Иш чараны КТМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмү уштурган.

2015-жылдын 20-февралында университетте Өзбекстандын маданий күнү белгиленди. Иш чара Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан биргелешип уюштурулду.

2015-жылдын 5-февралында бүткүл дүйнө жүзүнө Кыргызстанды балет искусствосу менен тааныта алган, өзгөчө таланттуу инсан, кыргыз элинин сыймыгы болгон балерина Айсулуу Токомбаева Консерватория факультетинин окутуучу жамааты жана студенттери менен жолугушуп, маек курду.

Жакында Түркиянын Стамбул шаарында 28-31-январь күндөрү өткөн Түркия ашпозчулар ( TAŞFED) жана Дүйнөлүк ( WACS) шеф-поварлардын ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган XIII Стамбул Эл аралык Гастрономия фестивалына Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү мектебинин ага окутуучусу Н.Турганбаева жетекчилик кылган Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнөн 4 студент: Азиза Халалова, Зыйнат Каримова, Асель Сеитгазиева жана Канат Султанбеков катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келишти.

2015-жылдын 27-январында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Конфуций атындагы мультимедиа дарсканасынын ачылыш аземи болуп өттү.