Кабар жана жарыялар

Кампуста жашылдандыруу иштери башталды.

Окуу жайда жаз мезгили келээри менен жашылдандыруу, бак отургузуу, тегерек-четти жыйноо иштери салтка айланган. Быйыл да Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун тегерегин жашылдандыруу максатында бак-дарак отургузуу иши ѳтүп, ага университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, окуу иштери боюнча проректорлор, профессор Анварбек Мокеев , профессор Хусейин Ѳгүт, сапатты жакшыртуу боюнча Түрк стандарттары институтунун адиси, механик-инженер Нихат Кѳлүк жана TSE Казакстан өкүлү электрик-электроника инженери Расим Йылмаз, окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер катышты.

Түрк стандарттары институтунун адиси, инженер-механик Нихат Көлүк жана институттун Казакстандагы өкүлү, электр электроника боюнча башкы инженери Расим Йылмаз TS EN ISO 9001:2015 Сапатты көзөмөлдөө системасынын стандарты 1. Көзөмөлдөө планынын алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келишти.

Миграциянын жүрөгүн жаралаган "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" поэтикалык спектакли көрсөтүлдү.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Нооруз - 2019» майрамдык салтанаты 21-март күнү өзгөчө шаң менен өттү.

18-март - Чанаккале жеңиши жана шейиттер күнү.

Мугалимдер министрдин ыраазычылык каты менен сыйланышты.

КТМУда Монголиянын маданий күнү ѳттү.

Үстүбүздѳгү жылдын 1-мартында университетте Монголиянын маданий күнү белгиленди. Иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана жана Монголия Республикасынын элчилиги тарабынан биргелешип уюштурулду. Ага элчинин орун басары Энкбад Сандаг, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, окутуучулар жана студенттер катышты.

Мустафа Сафран мырза баштаган делегация мүчѳлѳрү  КТМУда.

2019-жылдын 14-мартында КТМУнун жыйындар залында Түркия мамлекетинин  Билим берүү министрлигинин жетекчилигинин өкүлдөрүнүн жана университеттин  жетекчилигинин катышуусунда жыйын болуп ɵттү.

8-март - Айымдардын Эл аралык майрамы. 

2019-жылдын 7-мартында К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында «8-Март Бүткүл Дүйнөлүк Эл аралык Аялдар күнүнө» арналган куттуктоо концерти болуп өттү.

Кыргызстандын, Чехиянын жана Германиянын университеттеринин окумуштууларынан турган эл аралык топ Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак токойлорунда көптөгөн экологиялык, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө көмөк берчү чоң мүмкүнчүлүктөр катылып жатканын күбөлөндүргөн изилдөөнүн натыйжасын  сунуш кылышты. Мындай маалыматтар 2019-жылдын 19-февралынан 22-февралына чейин Бишкекте өткөн эксперттик жолугушууда билдирилген.