Манас жөнүндө

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана анын тунгуч президенти (1923-38); көрүнүктүү мамлекеттик жана аскер ишмери. Ататүрк («түрктөрдүн атасы») деген фамилия ага Түркиянын Улуттук улуу жыйыны (парламент, ТУУЖ) тарабынан берилген (1934). Стамбулдагы Аскер академиясын бүтүргөн. Жаш түрктөр революциясына (1908), Италия-Түркия согушуна (1911-12), 2-Балкан согушуна (1912-13) катышкан. 1-дүйнөлүк согушта дивизиянын командиринен жана фронттун командирине чейин жетип, генерал чинине жана паша армиянын титулуна татыктуу болгон; Дарданеллди коргоодо (1915) көрүнүктүү роль ойногон. Кавказ (191617), Сирия-Палестина (1917-18) фронтторунда жогорку командачылык кызматын аткарган. 1919-жылдан Анатолияда улуттук-боштондук кыймылына (кемалчылар) жетекчилик кылат. Сакарье дарыясынын жанындагы жеңиши (1921) үчүн ТУУЖ ага маршал чинин жана «Гази» («Жеңүүчү») титулун ыйгарат. Ататүрктүн жетекчилиги астында түрк аскерлерп англиялык-грек баскынчыларды өлкөдөн кууп чыгат (1922). Ататүрк Түрк республикасынын президенти катары өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маданий турмушунун өзгөрүшү үчүн зор иштерди жасаган. Анын жетекчилиги м-н 1922-ж. султандык бийлик жоюлуп, Түркия республика болуп жарыяланат (29. 10. 1923). Жаңы сот кодекстерин киргизип, агартуу тармагында жаңычыл өзгөртүүлөргө жол ачкан, араб алфавитинин ордуна латын алфавитин кабыл алып, түрк тилин өнүктүргөн, эскпрген каада-салттарды четке кага, аял-эркекке бирдей укук берилген жана европалыктарча кийим кийүүнү киргизген, улуттук маданияттын сакталышына жана өнүгүшүнө шарт түзгөн. Улуттук суверенитет м-н идеологияны жогору коюп, өнөр жай м-н айыл чарбасын жаңыча өнүктүрүү, күчтүү армияны түзүү, башка мамлекеттер м-н тең укуктуу мамиледе болуу саясатын жүргүзгөн. Бишкек шаарындагы саяба бакка Ататүрк ысмы берилип, эстелиги тургузулган.

 

“Манас” эпосу кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата-бабабыз үч миң жылдан ашык убакыттан бери басып өткөн тарыхий жолундагы руханий табылгаларынын, турмуштук тажрыйбасынын, башынан кечирген окуялар жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын бүт чогулткан баалуу казынанын милдетин аткарып келе жаткан улуу мурасы.

Жанрдык белгилери боюнча “Манас” баатырдык эпос. Бирок анын мазмуну камтыган чек берген маалыматтарынын көлөмү баатырдык эпостун салттык алкагынын өлчөмүнөн алда канча кеңири жана терең. Анткени кылымдар бою кыргыздардын элдик топ катарындагы уюткусу ыдырабай, биримдигин жоготпоо үчүн жүргүзүп келген тынымсыз кармаштарын – туруктуулук, көктүк менен, көшөрүп жүргүзгөн күрөшүн баяндоого арналган бул чыгармадагы башкы тема – элдин эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөш, сырттан басып кирген душмандарга каршы салгылаштарда көрсөтүлгөн эрдиктерди даңазалоо, калктын уюткусун түзгөн ата уулдар өкүлдөрүн ынтымакка, биримдикке чакыруу. Ошону менен бирге эл үлгүлүү жүрүш-туруш, мыкты сапаттардын элестүү мисалдарына таянуу менен калктын бардык муундарына, айрыкча жаштарга таалим-тарбия берүү.