Жатакана

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Студенттик жатаканалары 2000-2001-окуу жылдарынан баштап ишке киргизилген. Бул жатаканаларда студенттер үчүн бардык шарттар жана кызматтар эске алынган. Студенттерге кадимки үйдөгүдөй шарт түзүп берген КТМУнун жатаканалары Кыргызстандагы алдыңкы үлгүдөгү Стүденттердин үйү десек жаңылбайбыз.

Жатаканада студенттер үчүн ар түрдүү социалдык, маданий жана спорттук иш-чаралар: поэзия кечелери, баарлашуулар жана оюн-зоок программалары, театр оюндары, куттуктоолор, пикир алмашуу жыйындары, саякаттар жана спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.

КТМУнун жатаканалары студенттерди 2000-жылы 500гө жакын орун менен камсыз кылган болсо, 2013-жылы 688 орундуу жаңы Студенттер үйү курулуп, студенттерге берилген. Студенттик жатаканада түрдүү улуттан турган студенттерибиз бири-биринин тилин, маданиятын, ишенимдерин жана салт-санаасын жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мунун өзү көп улуттан турган жаштардын арасында ынтымакты жана достукту бекемдөөгө жакшы өбөлгө түзөт.

Тажрыйбалуу кызматкерлер тарабынан Студенттик жатаканабызда башка чет өлкөлөрдөн келген Даярдоо курсунун студенттерине Кыргызстандын шартына жана университеттин чөйрөсүнө көнүү процессин жеңилдетүү үчүн жол көрсөткөн иш-чаралар жасалып турат.

Жатаканадан орун Даярдоо курсунун студенттеринен тышкары, университетке тапшыруу сынактарынан жогору баа алган жана окууда ийгиликке жетишкен студенттерге берилет. Студенттик жатаканада жашоо укугуна ээ болуш үчүн студенттерге бир катар шарттар коюлган. Алсак, 1-курстан баштап, жыл аягындагы орточо баасынын төмөн болбошу; мурун жатаканада жашаган болсо, Студенттик жатакананын эрежелерин бузбагандыгы; коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы сыяктуу иш-аракеттердин негизинде ар бир студентке упай берилип, тизме түзүлөт. (Бул боюнча толук маалымат алуу үчүн КТМУ Студенттер үйлөрү мыйзам эрежелеринен окуңуз).

Даярдоо курсунан кийинки окуу жылдарында чет өлкөлөрдөн келген студенттерге жатаканадан орун окуудагы жетишкендиктерине жараша берилет. Орто курстан баштап, студенттерге (1-2-3-4-курс) чет өлкөлүк болсо да, жатаканага кирүү мүмкүнчүлүгү бирдей каралат. Студенттерибиздин экономикалык абалы эске алынып, жатаканада жашоо үчүн жеңилдетилген төлөмдө акы төлөнөт. Бир студент Б Блок Студенттер үйүндөгү 1 айлык мөөнөткө – 500 сом, ал эми А Блок Студенттер үйүндөгү 1 айлык мөөнөткө – 1000 сом төлөйт. Төлөмдөр ар жарым жылдын башында акчалай нак берилиши шарт. Мындан сырткары, ар бир студенттен депозит катары кошумча 2000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты кармалат. (Бул 1000 сом жылдын аягында кайра ээсине берилет).

Эки блоктон турган Эски Студенттер үйүнүн бир тарабы балдарга, ал эми экинчи блогу кыздарга бөлүнгөн. Бөлмөлөр 4 жана 6 кишиге ылайыкташтырылып, ар бир бөлмөдө өзүнчө туалет жана душ бар. Жатаканада акы төлөнбөгөн Wİ-Fİ дан тышкары, интернет-кафе да студенттер үчүн ачылган.

Ошондой эле университетибиздин Ден соолук борбору, Студенттердин инсандык өнүгүү жана кеңешүү борбору, КТМУнун Башкы китепканасы студенттерибиз үчүн ар дайым кызмат көрсөтүп келет. Спорт менен машыгуу үчүн атайын газон төшөлгөн футбол аянтчасы жана волейбол, баскетбол оюндарына ылайыкталган аянтчалар курулган. Булардан тышкары, спорт комплекси да жакынкы арада ишке киргизилгени турат. Студенттик жатаканада жашаган студенттер университетибиздин Социалдык курулуштар имаратында жайгашкан ашканада түштө жана кечинде жеңилдетилген баада тамактана алышат (баасы 1 доллар ( 60 сом). Ошондой эле буфет-кафетериялар саат 08:00дөн 23:00гө чейин иштейт.

Жатакананын бөлмөлөрүнүн тазалыгына жашаган студенттер жооп беришсе, ал эми коридордун жана айлана-чөйрөнүн тазалыгына келишим боюнча иштеп жаткан фирманын кызматкерлери жооптуу. Жатаканалар менен бирге жалпы эле Ч.Айтматов атындагы кампус университетибиздин коопсуздук кызматкерлери тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат.