Даярдоо багыты : |
Философия |
Квалификациясы: |
Философ |
Окуу мөөнөтү: |
2 жыл |
Окуу формасы |
Күндүзгү |
Oкууга ɵтүү сынактары: |
“Манас” университетинин кирүү сынагы |
Окуунун баасы жана тɵлɵɵ формасы: |
Окуу акысыз |
|
|
Адистиктин актуалдуулугу жана өзгөчөлүгү: |
Философия адистиги коомдун жана адамдын ойдогудай жашап-өнүгүшү үчүн алмаштырылгыс мааниге ээ. Ар бир билимдүү, маданияттуу адам философия жаатында кенен жана терең ой-түшүнүк алып, курчаган дүйнөдөгү өз ордун акыл-эске негиздеп аныкташка умтулат. Философия адистигине ээ болгон адам окуучуларга, студенттерге сабак берет, тарбиялайт. Философ-адис азыркы коомдун, адамзаттын тынчын алган маселелерди изилдейт. Дүйнөлүк жана улуттук философиялык мурасты иликтеп үйрөнүш керек. Буга философия адистиги жол ачат. Адам иш-аракетинин кайсы тармагы болбосун, бардык жерде ойлонулган, иштелип чыккан методология зарыл. Ойломдун, акыл-эстин теориясы катары философия ар кандай уюмда, мекемеде методология маселелерин чечкенге кызмат кылат. Дегеле адам коомунда акыл-эсти, ыйман-пейилди, маданиятты жогорку деңгээлде кармап, сактап туруш үчүн философиялык ой-түшүнүк аба-суудай керек. Адамдын адамдыгы, элдин элдиги философия аркылуу айгинеленет. Ошондуктан философия адистигин алуу коом үчүн, эл үчүн өзгөчө баалуу эмгек кылганга мүмкүндүк берет. |
Адистик талап кылынган чөйрө : |
• Мамлекеттик жана жеке менчик окуу жайларда, ЖОЖдордо мугалим ; • илимий изилдөө борборлорунда изилдөөчү; • административдик аппараттарда адис; • коомдук, саясий, маданий окуяларды талдоочу, байкоочу жана серепчи; • маданий мекемелерде кызматкер; • мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдарда адис; • гуманитардык маселелер боюнча эксперт.ж.б. катары иштөөсүнө жеткиликтүү талап бар. |