БүтүрүүчүлөрИлимий журналдарИлимий изилдөөлөрАлмашуу программасы

Жаш илимпоздорубузду куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим боюнча департаменти тарабынан 2017- жылга төмөндөгү багыттар боюнча өлчөмү 150 000 сомго чейин грант бөлүп берүү конкурсу үстүбүздөгү жылдын 8- февралындан 25- февралына чейин өткөрүлгөн.

•  Табигый ресурстардын рационалдуу колдонулушу;

•  Тамак-аш коопсуздугу;

•  Маалымат технологиялары;

•  Кишинин саламаттыгы жана жашоо сапаты;

•  Энергетикадагы жаӊы технологиялар;

•  Туризм жана транспорттук логистикалык система;

•  Коомдук жана гуманитардык илимдер.

Аталган конкурстун жыйынтыгында берилген 69 заявканын ичинен 31 жаш илимпоз конкурстун жеӊүүчүлөрү болуп тандалган. Алардын ичинен университетибиздин 4 жаш илимпозу да бар. Алар:

•  Карабаев Айбек Нурудинович (Айыл-чарба факультети, «Бакча жана талаа өсүмдүктөрү» бөлүмү)

•  Мажитова Айчурок Ташматовна (Инженердик факультет, «Тамак-аш инженериясы» бөлүмү)

•  Сулайманова Бурулча Бактыбековна (Экономика жана башкаруу илимдер факультети, «Экономика» бөлүмү)

•  Эсенали уулу Таир (Айыл-чарба факультети, «Өсүмдүктөрдү коргоо» бөлүмү)

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жалпы жамааты жаш кесиптештерибизди бул чоӊ жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктап, илимий иштеринде албан-албан ийгилик, чын ден-соолук каалайт!