БүтүрүүчүлөрИлимий журналдарИлимий изилдөөлөрАлмашуу программасы

Экономика жана Башкаруу факультетинин студенттеринин ийгиликтери ийгиликтери

Экономика жана Башкаруу факультетинин студенттеринин ийгиликтери ийгиликтери

2017-жылдын 17-апрелинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде “Бизнести башкарууда заманбап багыттар: тенденциялар жана перспективалар” аттуу Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын студент жана магистранттары арасында илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга 9 университеттен 50 студент жана магистранттар докладдарын окушту.

Биздин университеттен “Менеджмент” бөлүмүнүн PhD ага окутуучусу Азамат Максүдүнов баштаган топтон “Менеджмент” бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Эргешмамет уулу Самат “Адам ресурсун башкарууда жапон модели жана анын Кыргызстанда колдонулуусу” деген темасы менен 1-орунду, “Менеджмент” бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Опенова Жылдыз жана Камалова Айжамал “Кыргызстанда туризм секторунда жаңы бизнес тенденциялардын пайда болуусу” темасындагы докладдары менен 3-орунду жана “Менеджмент” бөлүмүнүн магистранты Ырысов Нурлан “Бишкек шаарынын коомдук транспортундагы көйгөйлөр жана алардын чечүү жолдору” аттуу темада 3-орунду ээледи. Аты аталган студенттерибизди алган байгелүү орундары менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана дагы көптөгө ийгилектерди каалайбыз.