Кабар жана жарыялар

«Мекендештер форуму – 2014: Кыргызстандын келечегине салым кошуу»...

«Мекендештер форуму – 2014: Кыргызстандын келечегине салым кошуу»

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган “Мекендештер” форуму 25-26-июль күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунда «Мекендештер форуму – 2014: Кыргызстандын келечегине салым кошуу» деген аталышта болуп өттү.

 

Форумдун ачылышында КРнын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева форумдун алкагында Кыргызстанга инвестиция тартуу, тажрыйба алмашуу жана саламаттыкты сактоо, маданият, туризм, билим берүү тармагында, айрыкча миграция маселелеринде талкууларды жүргүзүп, сөздөн ишке өтүүгө чакырды. Форумдун биринчи күнкү темасы «Мекенге пайдалуу болуу» жана панелдик дискуссия «Миграция: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» деп аталды. Ал эми иш чаранын экинчи күнү КРнын Премьер-министри Ж.Оторбаев жана вице-премьер-министри Э.Сариеванын катышуусунда өттү. Анда «Диаспоралар өнүгүүдө», «Түркия жана Кыргызстан: эки өлкөнүн экономикалык жана маданий кызматташтыгынын катализатор диаспоралар» деген аталыштагы панелдик дискуссиянын тегерегинде талкуу жүрдү. Ал панелдик дискуссияга Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору, проф.док. Асылбек Кулмырзаев Манас университети тууралуу маалымат берип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жана достуктун белгиси катары, бүгүнкү күндө Манас университети Кыргызстанда эң мыкты жана үлгүлүү жогорку окуу жайы болуп келе жатканын баса белгиледи.

Чет элдеги кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форуму эки күнгө уланып, 25 мамлекеттен 300дөй катышуучу катышышты. 2-күндүк форумдун алкагында диаспоралардын кызматташтыгы, Кыргызстандагы бизнес, саламаттыкты сактоо, маданият, туризм, билим берүү жаатындагы маселелер талкууланды. Ошондой эле катышуучулар түрдүү долбоорлорду чогуу ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. Андан сырткары, ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн жана китеп жармаңкеси да уюштурулду. Иш чарага Манас университети да өнөктөш болуп, активдүү катышты.

Эске салсак, “Мекендештер” форуму Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат. Алгач ал 2012-жылы 2-3-августта   уюштурулуп, ал иш чарага 18 өлкөдөн 250гө жакын кыргызстандык катышкан.