Кабар жана жарыялар

Кара Кыргыз Автономдуу областынын 90-жылдыгы

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «20-жылдык иш чаралары» алкагында 2014-жылдын 21-октябрында Кара Кыргыз Автономдуу областынын 90-жылдыгына арналган илимий жыйын болуп өттү.

 

Жыйынга университет ректору жана окутуучулар, студенттер катышышты.

Жыйында КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директорунун милдетин аткаруучусу, проф. Акылбек Жуманалиев «Кара-Кыргыз Автономдуу областынын курулушу - кыргыз мамлекетинин кайрадан жаралышы», КТМУнун Тарых бөлүмүнүн проф. Дөөлөтбек Сапаралиев «Иманаалы Айдарбековдун Кара-Кыргыз Автономдуу областынын уюштулушуна кошкон салымы», ошондой эле КТМУнун Тарых бөлүмүнүн доц., Зухра Алтымышова «Абдыкадыр Орозбеков Кара-Кыргыз Автономдуу областынын Аткаруу комитетинин төрагасы» деген темаларда баяндама окушту.

КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директорунун милдетин аткаруучусу, проф. Акылбек Жуманалиев 1924-жылдын 14-октябрында алгач Кара Кыргыз Автономдуу мамлекети түзүлгөндүгү, мамлекет болуп түптөлүү чоң күрөш менен келгендиги жана ал кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салым кошуп, Жусуп Абдрахманов башында турган, Ишенаалы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков жана башка кыргыздардын саясий элитасы кам көргөндүгү тууралуу кеп кылды. Ал эми проф. Д.Сапаралиев Иманаалы Айдарбековдун ишмердүүлүгү, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы тууралуу жана ошондой эле кыргыздар эмне үчүн Кара кыргыз деп аталып калгандыгына токтолуп, анын себептерин айтып берди.

Соңунда конференцияга келгендер баяндамачылардан өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.