Кабар жана жарыялар

«Түрк дүйнөсүнүн атуулу» аттуу тандалма сабактын окуу программасын иштеп чыгуу семинары

2014-жылдын 22-23-октябрь күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университети башка (Түркиянын Газиантеп, Ататүрк, Битлис Эрен, И.Арабаев атн.КМУ) университеттери менен биргеликте «Маданияттар аралык билим берүү контекстинде «Түрк дүйнөсүнүн атуулу» аттуу тандалма сабактын окуу программасын иштеп чыгуу жана натыйжалуулугун баалоо» долбоорунун симпозиум-семинарын өкөрүштү.

 

Иш чарага университет жетекчилери, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, конференциянын катышуучулары жана студенттер катышышты.

Ачылыш сөзүндө КТМУнун ректору, проф.док. Себахаттин Балжы: «Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 24 жыл болуп олтурат, ошол жылдар кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Маселен, Кыргызстан Түркия менен ошол жылдардан бери алакалаш мамиледе болуп, айрыкча билим берүү жаатында, өзгөчө Манас университети эки боордош элдин ынтымагы үчүн бир топ жакшы иштерди жасап келе жатат. Бүгүкү конференциянын да маани-максаты ошол, орток маданияттарыбызды сактоо жана бирге иш алып баруу. Негизинен, маданияттар аралык иштерибиз ак дилден болушу керек», - деп, конференциянын ишине ийгилик каалады.

Иш чаранын уюштуруучусу, КТМУнун Педагогика бөлүмүнүн проф., А.Алимбеков өз сөзүндө: «Кыргыздардын кайсы гана санжырасын албайлы, түпкүлүгү барып түрк атага такалат. Түрк атанын балдары деген сөз улуу Манас эпосунда да кезигет, демек бир атанын балдарыбыз экендиги жалган эмес. Ошол түпкүлүктүү түрк элдеринин ортосунда бир топ иштер жүрүп келет, мына бүгүн билим берүү жаатында окутуу методдорун талкуулоону максат кылып чогулуп олтурабыз», -деди.

Ошондой эле иш чаранын коногу болуп, Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Ишекеев улуу акын Расул Гамзатовдун «Өткөндү тапанча менен атсаң, келечек замбирек менен тосуп алат» деген сөзүн мисалга келтирип: «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 30га жакын кыргыз-түрк лицейи, 2 ЖОЖ бар, мына ошол уңгулуу окуу жайлардын бири Манас университети, мында билим берүү сапаты жогору, материалдык базасы да ойдогудай жана Кыргызстандын элиталык негизги бөлүгү ушунда топтолуп жатат, анын негизги белгиси катары ачык айтканда, учурдагы Кыргызстандын эң орчундуу көйгөйү болуп келе жаткан коррупция деген түшүнүктүн жоктугунда», - деген оюн айтып, - бизди Орто кылымдагы түрк элдеринин жылдыздары этномаданиятыбыз, этнопедагогикалык жана Орхон-Енисей жазууларындагы баалулуктарыбыз байланыштырып турат, - деп келечегибизди үндөштүрүүгө жана жалпы түрк маданиятын ааламдаштырууда бирге кадам жасоого чакырды.

Андан соң конференциянын коноктору И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Т.Абдырахманов, Ататүрк университеинин ректору Сади Чегенли, Түркиянын Битлис Эрен унив.ректору, Махмут Догру, Газиантеп унив.ректору Нури Явуз жана проф. Женгиз Йылмаз өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Иш чаранын алкагында протоколго кол коюу аземи да болуп, андан соң иш чара отурумдарга бөлүнүп өз ишин улантты.

Симпозиумдун экинчи күнү И.Арабаев атындагы КМУда улантылып, жабылышы жана сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.