Кабар жана жарыялар

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган концерт көрүүчүлөрдүн купулуна толду

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана КТМУнун Консерваториясынын башкы көркөм координатору мүд., жард., ага окут. Себахаттин Сиврикая тарабынан даярдалган Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чара К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында чоӊ ийгилик менен өтүп, көпчүлүктүн алкышына татыды.

 

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө Хакасия, Алтай, Казакстан жана Тувадан келген солисттер, ошондой эле Түркиянын Эскишехир областынан келген өнөр адамдары менен бирге Консерваториянын «Түрк Дүйнөсү» оркестри жана солисттери түрк дүйнөсүнүн өрнөктүү чыгармаларынан тартуулашты. Концерттин соӊунда ТҮРКСОЙ уюмунун вице катчысы Проф., докт. Фырат Пурташ жана Университетибиздин ректор жардамчысы Проф., докт. Махмут Изжилер сөз сүйлөштү.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун вице катчысы Проф., докт. Фырат Пурташ сөзүндө ТҮРКСОЙ уюму түрк дүйнөсүнүн маданиятына чоӊ маани бере тургандыгын, мына ушундан улам 2014-жылды Токтогул Сатылгановдун жылы деп белгилеп өткөндүгүн, эми ар жыл сайын да түрк дүйнөсүнүн белгилүү өнөр адамдарынын ысымдарын белгилөөнү салт катары уланта тургандыгын айтып өттү. Ушунун негизинде, вице катчы Кыргыз-Түрк Манас университети менен маданий келишимге кол койгондугун жана болуп өткөн концертке КТМУнун ардактуу ректоруна жана концерттин уюштуруучу солисттерине тереӊ ыразычылыгын билдирди.

Университеттин ректор жардамчысы Проф., докт. Махмут Изжилер да сөзүндө ТҮРКСОЙ уюму менен бирге уюштурулган бул маданий көркөм долбоордун эӊ жакшы деӊгээлде өтүп жатканын, көрүүчүлөрдүн чоӊ купулуна толгондугун баса белгилеп, концерттин уюштуруучуларына ыразычылыгын айтып , иштерине ийгилик каалап гүлдесте тапшырды.