Кабар жана жарыялар

Жаӊы келген окутуучулар менен таанышуу, университетибизди тааныштыруу

2014-2015-окуу жылында университетибизге жаӊы келген окутуучулар менен таанышуу, университетибизди тааныштырууга жана ой-пикир алмашууга багытталган жыйын үстүбүздөгү жылдын 6- ноябрь күнү саат 1 7 :30да университетибиздин турмуш-тиричиликти тейлөө комплексинде өткөрүлөт.

Бул жыйынга окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы, Биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, проректорлор катышат. Окуу жайыбыздын бардык декандарын, мүдүрлөрүн жана жаӊы келген окутуучуларыбызды бул жыйынга катышуусун өтүнөбүз.

 

Жыйындын программасы:

•  Т урмуш-тиричилик тейлөө комплексинин VİP залында окуу жайыбызды тааныштыруу видеосу жана конкурстарда алдыӊкы орунду ээлеген кинотасмалардын бири көрсөтүлөт.

•  Кечки тамак ( Т урмуш-тиричилик тейлөө комплексинин көп функционалдуу жыйын залы )

 

РЕКТОРДУН КАБЫЛДАМАСЫ