Кабар жана жарыялар

Кыргыз поэзиясында дагы бир ырлар жыйнагы...

2014-жылдын 30-октябрында акын, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун “ Жалын тоо ” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземи Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болуп өттү.

 

Адабий-музыкалык кечеге чыгармачыл интеллигенция менен кошо саясатчылар, өкмөт мүчөлөрү, президенттик аппараттын өкүлдөрү, поэзия күйөрмандары жана студенттер келишти.

Бул китеп Чыныбай Турсунбековдун ишкерликке, саясатка аралашкандан кийинки биринчи китеби. Ал эгемендик жылдардын башында адабий чөйрөгө жаш акын катары таанылып, кийин ишкерликке ооп кеткен.

Чыныбай Турсунбековдун «Жалын тоо» китебинин ачылышы менен университетибиздин ректору, проф.док. Себахаттин Балжы жана биринчи проректору, проф.док. Асылбек Кулмырзаев Манас университетинин атынан кызуу куттукташып, чыгармачылык ийгилик каалашты.

Акын Ч.Турсунбеков өзүнүн кириш сөзүндө акын досу Кожогелди Култегиндин демилгеси менен китепти жарык көрүүгө түрткү болгонун баса белгилеп, асмандан эле түшүп акын болуп калбагандыгын, ыр жазууга кимдер түрткү болуп, кантип акын болуп калгандыгы тууралуу кыскача айтып берди. Ошондой эле жаш кездерде, студент күндөрүндө жазган, маселен, «Жылдыздуу жээк», «Апам» жана ак ыр жанрында жазылган ырларынан да «Атаке», «Тушоо кесүү» жана башка ырларын көркөм окуп берди.

ф.и.д. Ж.Бөкөшөв акындын китебине өз пикирин айтып, анда жазылган чыгармалар чынчылдыгы, табигыйлыгы жана поэтикалуулугу менен өзгөчөлөнүп тургандыгын баса белгиледи. Ошондой китеп 3 бөлүктөн, биринчиси балалык, айыл, ата-эне, экинчиси, жаштык, сүйүү, ал эми үчүнчү бөлүгү философиялык мазмундагы аалам, күн, жер, убакыт, адамдын касиети ж.б.у.с. тематикага бөлүштүрүлүп, ак ыр жана традициялык да ырлардан турарын айтып, ырларын көркөм окуп берди.

Акындын устаттары болгон КРнын УИАнын президенти, академик А.Эркебаев, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов, кесиптештери «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө.Текебаев, КРнын биринчи вице-премьер-министри Т.Сарпашев, акын достору К.Култегин, Ж.Саалаев, эл өкүлү К.Иманалиев китеп тууралуу өздөрүнүн пикирлерин жана куттуктоо сөздөрүн айтышып, поэзия менен саясат бири-бирине кайчы келген эки бөлөк дүйнө экенин белгилеп , ырларынан үзүндү окушту.

Адабий-музыкалык кече суроо-жооп бөлүгүнөн да туруп, концерттин коштоосунда улантылды, анда акындын ырларына да жазылган обондор жаңырды. Кыргыз элинин эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиева, Камбаркан фольклордук ансамблинин аткаруусунда жана жаш акындардын, КТМУнун студенттери да акындын ырларын түрк тилинде да көркөм окуп беришти.

Чыныбай Турсунбеков да кеченин соңунда бул салтанаттын башкы максаттарынын бири - саясатчылар менен чыгармачыл интеллигенциянын башын кошуп, адабияттын, маданияттын баркын көтөрүү болгонун айтты.