Кабар жана жарыялар

«Ататүрк жана Кыргыз мамлекети» аттуу жыйын болуп өттү...

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктун дүйнөдөн кайтышынын 76-жылдыгына арналып, 10-ноябрь 2014-жылы, дүйшөмбү күнү университетибизде «Ататүрк жана Кыргыз мамлекети» аттуу жыйын болуп өттү.

 

Иш чара эртең менен Бишкек шаарындагы Ататүрктүн атын алып жүргөн Ататүрк атындагы эс алуу паркында Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелигинин астына гүл коюу менен башталган.

Андан соң иш чара университте улантылып, жыйынга ТРнын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарымдуу элчиси Метин Кылыч, университетибиздин ректору проф. Себахаттин Балжы, проректор проф. Асылбек Кулмырзаев, университеттин академиялык жамааты жана студенттер катышышты.

Жыйын эки өлкөнүн улуттук гимндери жана Мустафа Кемал Ататүрктү 1 мүнөттүк эскерүү менен башталды .

КТМУнун ректору, проф. Себахаттин Балжы Ататүрк өз заманынын феномени, анын баштаган жолун улантуу биздин милдетибиз экенин белгилеп өттү. Ректордун сөзүн улай, биринчи проректор, проф. Асылбек Кулмырзаев Ататүрктүн мамлекет жөнүндөгү насааттары Түркия Республикасына эле тийиштүү болбостон, республикалык жол менен өнүгүүнү эңсеген баардык мамлекеттерде, алардын ичинде Кыргыз Республикасында да колдонууга болорун айтты.

Өз кезегинде ТРнын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч “Биз түрктөр Ататүрккө карата өзүмчүлүк кылып келебиз, бирок Ататүрк бир гана Түрк дүйнөсү үчүн эле эмес, дүйнөлүк аренада өз таасирин тийгизген улуу саясатчы болгон” - деди.

Ачылыш сөздөрдөрүнөн кийин КТМУнун Консерватория факультети тарабынан Мустафа Кемаль Ататүрктүн сүйүп уккан обондуу ырлары жана түркүлөр аткарылды.

Андан соң, Ататүрктүн эмгектерине жана ишмердүүлүгүнө арналып президиюм чакырылды. Жыйындын башчысы болуп проф., докт. Себахаттин БАЛЖЫ (ректор, Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун төрагасы) алып барды.

Жыйында проф. Зафер Гөнүланан «Ататүрктүн Түркиясы жана жогорку билим берүү», проф. Дөөлөтбек Сапаралиев «Ататүрктүн мамлекет жөнүндөгү көз караштарынын кыргызстандыктарга тийгизген таасири», доцент Хакан Дүндар “Ататүрктүн салттуу билим берүүгө болгон көз карашы” аттуу баяндамаларын, ал эми, жыйынтыктоочу баяндама Ататүрктүн “Нутук” китебин кыргызчага которгон доцент Бактыгул Каламбековадан болду. Өзүнүн “Ататүрктүн “Нутук-Кеп” аттуу китебинин Кыргыз эли үчүн мааниси” деген баяндамасында катышуучуларга китепти тааныштыруу менен бирге Кыргыз элине үлгү болчу мисалдарды белгилеп өттү.

Иш чарада Ататүрктүн китептеринен көргөзмө да коюлду.