Кабар жана жарыялар

Эл каймагын жалмаган Репрессия, 1937 жыл...

 

Араларында Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да бар болгон Сталиндик репрессиянын курмандыктары 1937-жылы ак жеринен өлүмгө жазаланып, сөөктөрү 1993-жылы Бишкек шаарынын четиндеги бир кыш заводунда табылганга чейин дайынсыз калган...

 

Университетибизде ошол репрессия курмандыктары эскерилди.

Бир мүнөттүк эскерүү менен башталган программанын ачылышында ректор, проф. Себахаттин Балжы эскерүү сөзүндө –“Бүгүн 1937-жылы улутубузга каршы жасалган чоң кылмышты жана азасы менен жүрөгүбүздү куйкалаган тарыхтын бир барагын эскерүү үчүн чогулуп отурабыз. Эскерүү кечесине келген Бүбүра эжебизге ыраазычылыгыбызды билдирели. Жүрөк оюган окуяны кайрадан эстөө, эскерүү, сабак алуу үчүн чогулуп отурабыз. Эгерде “кайсы окуя?” жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлонуп жатсаңыз, ал 1937-жылы Кыргызстандагы сталиндик репрессия тууралуу сөз болуп жатат... ошол мезгилде көптөгөн интеллигенция репрессияланып кеткен, бүгүнкү күндө алардын мүрзөсү Ата-Бейитте. Албетте, шейиттердин баары кыргыздар эмес, ал күндөрдө Түрк дүйнөсүнүн интеллигинциялары, мыктылары, улуттун кызыкчылыгы жана укуктары үчүн кылычтын мизинен да тайманбаган улуу каармандар болушкан. Ошол репрессиялангандардын арасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да атасы жана бул жыйындар залы атын алып жүргөн К.Тыныстанов да болгон. 1937-жылы Ата-Журту, идеялары жан Түрк дүйнөсү үчүн өмүрүн берген 138 шейитибиз жаткан жери жайлуу болсун”, - деп, мындай каргашалуу окуялардын экинчи жолу кайталанбашын тиледи.

  “Кагылайын балдарым силердин тарыхка болгон кызуугуңар менин жүрөгүмдү кубандырды” - деп сөзүн баштап, көзүнүн токтобогон жашы менен ал күндөрдөгү окуяларды эстеп жаткан Бүбүра Кыдыралиева заманынын диктатору болгон И.В.Сталин Советтик режимди орнотуу үчүн СССРдин территориясындагы элин, жерин сүйгөн чыгаандарды улутчул деп күнөөлөп, тымызын түн жамынып, массалык түрдө репрессиялагандыгы жана аталарыбыздын, уулдарыбыздын, камчыга сап жаштарыбыздын сөөгү көмүлгөн мүрзөлөрү да жашыруун болгонун белгилеп, репрессияланган кыргыздын каймактарынын өлүмү жөнүндө маалымат 1957-жылы гана үй-бүлөлөрүнө билдирилип, кайда көмүлгөндүгү жөнүндө эч кандай маалымат берилбегенин айтты. –“Репрессиялангандардын сөөктөрү 1993-жылы эски кыш заводунун печкасынан табылды. Алардын көбү Сталиндик режимдин курмандыктары болгон Кыргыздын агартуучуларынын сөөгү болуп чыкты. Совет доорунда режимге каршылык бул жакта турсун, кичине баш ийбестиктер үчүн да өлүм менен жазаланган, - деп, атасынын 80 жашында айыкпас оорудан өлүм төшөгүндө жатып, Бүбүра апага чоң сырды керээз калтырып, “Эгер заман өзгөрүп, кысымга алынбаган күндөр келсе, керээзимди элге жеткир, бул жерлерде өтө чоң окуялар болгон. Чындык ачыкка чыксын!” - дегенин айтты. 1991-жылы СССР режими кулап, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон кезде гана сырды бийлик өкүлдөрүнө ачканын айткан Бүбүра Кыдыралиева - “жараткан бизге жана адамзатка мындай азаны көрсөтпөсүн” - деди.

Эскерүү кечесинин соңу Бүбүра апанын жана иш чаранын конокторунун көз жашыткан сөздөрүнөн кийин Тарых бөлүмүнүн студенттери тарабынан репрессия доорун чагылдарган драмалык - театралдык көрсөтүү менен аяктады.