Кабар жана жарыялар

Манаста Эл аралык Дебат турнири өттү

2014-жылдын 6-7-декабрь күндөрү университетибиздин 20 жылдык мааракесинин алкагында «Манас турнири» аттуу Эл аралык дебат турнири болуп өттү.

 

Турнирдин ачылышына университет ректору баш болуп, Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан уюмдар, маселен, Freedom House , USAID , «Прогрессивдүү демилгелер» фонду, Бишкек Дебат борборунун өкүлдөрү жана студенттер катышышты.

Эл аралык дебат турниринин ачылышында 3 тилде сүйлөгөн университет ректору, проф. Себахаттин Балжы: «Көп улуттун балдары билим алган университетибиздин студенттери башка өлкөнүн студенттери менен жолугушуусу, достук мамилелерди курууга умтулуусу, бизди чексиз кубандырып олтурат» - деп, катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

Эл аралык турнирге Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Орусия, Түркменистан, Азербайжан жана Пакистандан келген студенттер болуп, 300 студент катышышты. «Манас турнири» дебаттык оюдарынын негизги өзгөчөлүгү болуп 4 тилде 4 лигага бөлүнүп иш алып баргандыгы болду. Алар: Кыргыз лигасы, Түрк лигасы, Орус лигасы, Англис лигасы. Турнирлер ЭБФ жана Коммуникация факультетинин аудиторияларында, 2 күн ичинде, жалпысынан, 9 оюн жүрдү. Жыйынтыгында Манас университетинин студенттери мыктылыгын көрсөтүштү. Турнирдин жабылыш бөлүгүндө КТМУнун Студенттик кеңешинин жетекчилери башка өлкөдөн келген студенттерди достошууга жана өз ара карым-катышты улантууга чакырышты.

Англис лигасынан:

Жеңүүчү тайпа – « Think tank » (Мадина Давлеткелдиева, Ammar Younas )

2-орун « True detective » тайпасы, (Нурмухамет Караев), Эльдияр Райымкулов

3-орун « Mighty Warriots » тайпасы

Мыкты спикер – Мадина Давлеткелдиева

Мыкты судья – Анастасия Шевцова

Түрк лигасы боюнча:

Жеңүүчү тайпа «Iletişimciler» (Нурпери Байзакова, Гүльжамал Урманбетова)

2-орун «Aka Uka» тайпасы, (Atılla Guven, Акылбек уулу Залкарбек)

3-орун «Samimi» тайпасы (Айкан Кожоева, Айбек Райымбеков)

Мыкты спикер - Мээри Айтикеева

Мыкты судья – Нурадил Сатыбеков

Кыргыз лигасы боюнча:

Жеңүүчү тайпа - «Түркү белес» (Бакыт Смаилов, Акылбек Өмүрбеков)

2-орун - «Актан жана Акылай» тайпасы, (Махмуд Ойтемиров, Асылбек Рахманов)

3-орун «Сен жана Мен» тайпасы, (Аида Бекмуратов, Саната Чолпонбекова)

Мыкты спикер – Саламат Иманов

Мыкты судья – Жакшылык Айтпаев

Орус тили лигасы боюнча:

Жеңүүчү тайпа - «8- Кубок Эльдияра» (Артем Уточкин, Канат Ногойбаев)

2-орун - “ Chivas Brothers ” тайпасы, (Сабырбек Жээнтаев, Бексултан Рустамов)

3-орун «911» тайпасы, (Грана Зия, Маша Савельева)

Мыкты спикер – Самат Анарбеков

Мыкты судья – Жамиля Бактыбекова