Кабар жана жарыялар

Ректор Себахаттин Балжы Ардактуу профессор

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжыга Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин (№11–протокол, 30.10.2014) чечиминин негизинде Кыргыз жаштарына заманбап билим берүүдөгү жетишкендиктери жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн аталган университеттин АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ наамы берилди.

Ректор агайыбызды жалпы жамаатыбыздын атынан куттуктайбыз жана иштерине ийгилик каалайбыз.