Кабар жана жарыялар

Ректор КРнын Жаштар министрлиги атынан сыйланды

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы 10-ноябрь «Бүткүл дүйнөлүк жаштар» күнүнө карата КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги коллегиясынын (123-номерлүү, 06.11.2014) чечиминин негизинде Жогорку кесипкөйлүгү, кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы, чыгармачыл ишмердүүлүгү жана жигердүү иши үчүн аталган министрликтин Ардак Грамотасы менен сыйланды.

 

Аталган сыйлыкты КР Эмгек, миграция жана жаштар министри (мурунку) А.Алымкулов жана КР Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары М.Нуралиев ректор Себахаттин Балжыга университеттин 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган факультеттердин декандары, Жогорку мектептердин мүдүрлөрү жана административдик башкармалыктардын башчылары катышкан чогулушта тапшырышты.

КР Эмгек, миграция жана жаштар министри (мурунку) А.Алымкулов ректор Себахаттин Балжыны 4 жылдан бери билип келе жаткындыгын жана кыргыз жаштарына заманбап билим берүүдөгү жетишкендиктери, университеттин өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.

Ректор агайыбызды жалпы жамаатыбыздын атынан куттуктайбыз жана иштерине ийгилик каалайбыз.