Кабар жана жарыялар

Кыргыздын Чыңгызы - Адамзаттын Айтматову

2014-жылдын 12-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Гуманитардык жана Коммуникация факультети жана «Ысык-Көл» форуму тарабынан уюштурулган Кыргыз эл жазуучусу, адамзат дүйнөсүнө гүлазык болор көркөм дөөлөттөрдү жараткан улуу калемгер, улуу ойчул Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган «Адамзаттын Айтматову» аттуу эскерүү кечеси болуп өттү.

 

Иш чара эртең менен «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине баруудан башталды.

Кечеге жазуучунун туугандары, замандаштары, калемдештери, акын-жазуучулар, режиссерлор, искусство, адабият адамдары жана студенттер катышышты.

Эскерүү кечеси жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 2010-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келип, студенттер менен жолугушуусунда тартылган видео-тасмадан үзүндү көрсөтүлүшү менен башталды. Андан соң Консерватория факультетинин Актердук бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы ар бир каармандын тагдырына толгонушуп, көркөм ыр окушту, олтурган элдердин айрымдары көздөрүнө жаш алып да отурушту.

Кечеде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүү сөздөр айтылды.

Ректор, проф.док. Себахаттин Балжы: «Бүгүн баарыбыз улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 86 жашын белгилейли деп чогулуп олтурабыз. Ч.Айтматов ар бир адамдын жүрөгүндө жашаган адам, анын ар бир сөзү бизге осуят. Ал Түрк Дүйнөсүнүн сыймыгы. Мен Кыргызстанды Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу тааныгам. Себеби, сиздерге белгилүү болгондой, Ч.Айтматовдун дээрлик бардык чыгармалары түрк тилине которулган жана Түркияда мектеп программаларына киргизилген. Ошондуктан Түркияда жок эле дегенде бир чыгармасын окуган адамдар бар. Өкүнүчтүүсү мен Чыңгыз агайым менен тирүү кезинде таанышпай калдым, бирок, Кыргызстанга келип, ал кишинин бир туугандары, балдары менен тааныштым. Учурда Манас университетинин кампусу ал кишинин ысымын алып жүрөт. Ошондой эле улуу жазуучубуз 2002- жылдан бери биздин университеттин Ардактуу Профессору болгон. Өмүрүнүн акырына чейин биздин университет менен жакындан кызматташып келген, себеби ал биздин Университеттин Камкорчулар Кеңешинин Даанышманы кызматын да аткарып келген. Университет 20 жылдыгын майрамдай турган биздин университетттин тарыхы, жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен тыГыз байланышкан» , - деп эскерди.

Жазуучунун уулу, коомдук ишмер Аскар Айтматов Айтматовго арналган доолбоорлор тууралуу айтып: “Жыл сайын 12-декабрда Атакебизди чогуу эстеп келебиз. Анын өмүрү чыгармаларында, элдин эсинде жашоосун улантып жатат” -, деп, иш чарада Ч.Айтматовго арналган жаңы китептер жана долбооролор айтыла тургандыгын белгиледи.

Казак элинин акын, жазуучусу, Чыңгыз Айтматовдун сырдаш досу Мухтар Шаханов: “Ал өзгөчө адам болчу. Биз экөөбүз өзгөчө жакындыкта болдук. Телефон менен 3-4 күн кабарлашпай калсак, бирдеме жоготуп алгандай болчубуз. Чыкем кеткенден кийин далада калгандай, жалгыз калгандай сездим өзүмдү. Канча деген адамдар менен сүйлөштүм, бирок, Чыкемдей адамды бир жолуктура албадым. Ааламда Чыңгыз Айтматовдой инсан экинчи жаралбайт. Ал бир гана  кыргыз элинин эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн улуу инсаны ”, - деп, жазуучунун орду кыргыз эли үчүн опол-тоодой экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле КР УИАнын Президенти А.Эркебаев жана Айтматовго арналган китептер жөнүндө академик А.Акматалиев «Кыргыз тили, «Манас», Айтматов», «Чыңгыз Айтматов: Адам жана аалам» (2013), саяс.и.д Ж.Сааданбеков «Чыңгыз Айтматовдун философиясы» (2013) деген билдирүүлөрү менен чыгышты.

Айтматовдун туулуп өскөн жери Шекер айылында курула турган “Чыңгыз Ордо” комплекси долбоорунун мүдүрү К.Абилдиев жазуучунун жердештери атайын фонд түзүп, адабий мурастарын сактап, Шекер айылына мемориалдык комплекс курууну чечишкендиктерине токтолуп, ал комплекс менен тааныштырып өттү. Андан сырткары “Chynar International” фирмасынын өкүлү К.Умарова “Aytmatov City” долбоору менен тааныштырды.

Соңунда Коммуникация факультетинде Кинозалда «Кызыл жоолук жалжалым», “Selvi Boylum Alyazmalım” көркөм фильми (түркчө) көрсөтүлдү.