Кабар жана жарыялар

Университетибиздин жаштарына мамлекеттик сыйлык

12-декабрда К. Молдобасанов атындагы Улуттук Консерваторияда Ч. Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы (2011-2012-жылдар үчүн) ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземинде 6 лауреатка, 9 дипломантка сыйлыктары ыйгарылды.

 

Университетибиздин Гуманитардык факультетинин Түркология бөлүмүнүн окутуучусу доц.м.а. доктор Нурдин Усеев 2011-жылы жарыяланган “Енисей жазма эстеликтери I: лексикасы жана тексттер” аттуу монографиясы жана башка илимий эмгектери үчүн Илим жана жаңы технологиялар номинациясында лауреат наамына татыктуу деп табылды.

Университетибиздин Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн оператору Наргиза Маматкулова кино тармагындагы ийгиликтери үчүн Кино жана телевидение номинациясында лауреат наамын алды.

Эки жылда бир берилген Ч. Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгына тапшырылган эмгектер алгач номинациялар боюнча түзүлгөн эксперттик комиссиялар тарабынан каралгандан кийин, төрагалыгын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э. Сариева, төраганын орун басарлыгын Эмгек, миграция жана жаштар министри А. Алымкулов жүргүзгөн комиссия тарабынан жыйынтыкталды.

Лауреаттарга лауреат диплому, “Жамийла” статуэткасы, төш белги жана 40 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Университетибиздин бүтүрүүчүлөрү, ошол эле мезгилде кызматкерлери болгон бул жаштарыбызга ийгилик каалайбыз.