Кабар жана жарыялар

«Лифт» тасмасынын режиссеру – «Эң мыкты режиссер»

12-15-декабрда "Манас" кинотеатрында "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аталышында эл аралык кинофестивалы болуп өттү. Анда 14 мамлекеттен келген режиссерлордун тасмалары, тагыраак айтканда Грузия, Молдова, Белорусия, Орусия, Армения, Азербайжан, Латвия, Литва, Эстония, Украина, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казахстан, Тажикстан жана Кыргызстан катышкан сынакта Эл аралык программа боюнча 13 тасма, ал эми улуттук 10 фильм ат салышты. Кинофестивалдын алкагында фильмдер эл аралык жана улуттук категорияда каралып, 40 мүнөттөн ашпаган көркөм, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар көрсөтүлдү.

 

Сынактын жыйынтыгында мыкты тасма жана мыкты режиссер тандап алынып, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн атынан сыйлыктар тапшырылды. Жалпы байге фонду 500 миң сом болду.

Кыргызстандын атынан чыккан жаш режиссер, тагыраак айтканда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин бүтүрүүчүсү Асан Джанталиевдин "Лифт" аттуу кыска метраждуу тасмасы эң мыкты режиссердук иши үчүн сыйлыкка татыктуу болду.

Кинофестивалдын ачылыш аземинде КТМУнун коммуникация факультетинин ага окутуучулары Артыкпай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун " Көч " аттуу даректүү тасмасы көрүүчүлөргө тартууланган. Фестивалда калыстар тобун түркмөнстандык кинорежиссер Ходжакули Нарлиев жетектеди, ал эми кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков Кыргызстандын атынан калыстар тобуна мүчө болгон.

  Белгилей кетсек, бул фестиваль  4 жылдан бери Кыргызстанда өтүүдө. Иш-чара жыл сайын улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрда уюштурулуп келет.

Жеңүүчүлөр тууралуу кененирээк маалыматы төмөнкү шилтемеден окусаңыздар болот.

http://kyrgyzkinosu.kg/pobediteli-chetvertogo-mkf-kyrgyzstan-strana-korotkometrazhnyh-filmov/