Кабар жана жарыялар

Кыргыз – Түрк Манас университетинде Дүйнөлүк Философия Күнү белгиленди

Дүйнөлүк Философия Күнү ЮНЕСКО тарабынан Ноябрь айынын 3-бейшембисинде майрамдалсын деген 2002 жылында демилге көтөрүлөт. Бул күндү майрамдоо менен ЮНЕСКО адамдын өнүгүшүндөгү, ар бир маданият жана ар бир инсан үчүн философиянын баалулугун даңазалайт. ЮНЕСКОнун Генералдык Директору Ирина Бокова минтип айтат: “Азыркы күндүн татаалдыгы менен кезигишүүдө, философия эң оболу адамды момундукка чакырат, акыл менен коштолгон диалогду бекемдейт, контролдон оолактанган маселелерди биргелешип чечкенге өбөлгө түзөт. Философия акылсыздык менен күрөшүүгө даяр болгон билимдүү жарандарды тарбиялоонун эң мыкты жолу деп түшүнөбүз. Кыйынчылыктар канчалык көп болгон сайын, тынч жана туруктуу өнүгүүнүн баалулугун билиш үчүн ошончолук философияга болгон муктаждык көбөйүүдө”.

 

Мына философияны даңазалаган ЮНЕСКО Генералдык Директорунун ушул шаңдүү сөздөрү менен биринчи курстун студенткасы Калия Бактыбек кызы жана экинчи курстун студенти Назым Диния (кеченин алып баруучулары) айтылуу күнгө жана да Университетибиздин 20 жылдыгына арналган студенттик кечени башташты.

Ректорубуз Профессор, Д-р Себахаттин Балжы куттуктоо сөзүн айтып жатып, терең философиялык ойлорун тартуулады. Акылдын маанисин белгиледи. Адам баласынын дүйнөнү өзгөртүүгө болгон жөндөмдүүлүгүнө көңүл бурду. Анын аң сезимин, маданиятын өстүрүүдөгү философиянын баалулугуна басым жасады. Зал кунт коюп угуп, аягында ыраазычылык аплодисменттери менен Ректорубуздун сөздөрүн коштоду.

Кийинки куттуктоо сөзүн Философия бөлүмүнүн башчысы ф.и.д., профессор Жамгырбек Бөкөшов алып, отургандарды куттуктоо менен бирге, азыркы турмушта философиянын зарылчылыгын белгиледи.

Кеченин биринчи бөлүгү “Сократ, Платон жана Биз” аттуу 11 студенттен турган курам импровизациясында Сократ жана Платондун инсан тазалыгына, бийиктигине, жүрөк эрдигине чакырууну камтыган улуу философиялык ойлору тартууланды. Мына, ошол импровизациядан алынган кээ бир ой шилтемдер:

Туура, Сократ, бул улуу даанышман, ойлорун жазчу эмес экен да, анын ойлорун Платон жазып жатпайбы... Эмне деген бийиктик! Менин ойлорум эмес, мугалимимдин ойлору деп! Платон Сократка ушундай баа жеткис Эстелик курду!” (айткан: философия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти - Жоомарт Бекенов);

Алар – Сократтагы эң жакшы жагын – анын даанышмандуулугунун карапайымдыгын жакшы көргөн. Ал “Мен – даанышман, акылман эмесмин, мен – ошол акылмандуулуктун изденүүчүсүмүн ” – деп айтчу экен. (Гульнур Анваржан кызы – 2-курсунун студенткасы);

Философия, чындыгында, качан башталат? Качан гана калыптанып калган ишенимдерди, догмаларды күнөм саноо менен караганда. Ошон үчүн латиняндардын “Де Омнибус Дубитантум” (“Илимде баарына күмөн саноо менен кара”) деген илимий девизи эске келет ”... (Алиса Азисбаева – 3-курсунун студенти);

Мына ушундан улам Сократ бизге, анын келечек урпактарына, багыттаган негизги айтымын унутпайлы: Акыл өзүн өзү изилдемейинче накта философия өкүм сүрө албайт. Ал ар дайым Делфидеги жазылган айтымды кайталайт, бул айтым анын турмушунун маңызы болуп келет – “Өзүңдү өзүң бил”, “Know Thyself ”. (Асылгүл Мамасалы кызы – 3-курсунун ст-сы);

Ошон үчүн Сократ адамдын жаны жөнүндө айтат, өмүр, өлүм деген эмне? Ар намыс, абийир, ыйман, патриотизм, адилеттүүлүк деген эмне? Сендеги Сен ким? Өзүңдү ача алдыңбы өзүңө? Мына ушулардан башталат эмеспи – даңазалуу Сократтык метод деген түшүнүк... Шашпа , туура ойлон , аныктаманы абайлап жаса , айкын , таза ойлон , туура анализ бер – мына анын негизги жоболору ” (Назым Диня);

Сократ өзүнүн диний ишеними бар эле: ал ошол көп кудайлуулук заманда – бир Кудайга ишенген жана өлүм аны таптакыр жокко чыгарбаарына үмүттөнгөн. Платондун “Федон” деген чыгармасынан билебиз, Сократка жаш кезинде аян берилип, музага өзүңдүн турмушуңду арна дегенде “Музанын музасы – бул философия ” деп, бүт өмүрүн философияга арнаган”. (Ибрахим Халид – 2-курстун ст-ти).

Философиялык ойлорду студенттер жүрөктөрүнөн чыгарып, бүт дили менен айтып жатты. Кээ бир али кенен жарыялана элек маалыматтар да кабарланды.

Мисалы үчүн: “ Идеалдар ушунчалык керек дейт Платон, себеби биз оюбуз менен каалаган келечегибиздин сүрөтүн тартсак, аны максат катары көрсөк, ага ар дайым жетебиз деп аракеттенебиз, ошонун чети деле ишке ашса, кандай сонун болот! Адам – бул Утопияларды жараткан жаныбар – дейт эмеспи Платон!” (Ибрахим Халид);

Же: “ Окуучуларынын бирөө үйлөнүү тоюна Даанышман Агайын чакырат. Платон келет. Чачтарын ак баскан 80 жаштын бай тажрыйбасына ээ болгон Карыя философ жаш окуучулары менен чогуу сүйүнүп, чарчаганда акырын жумшак отургучка олтуруп куш уйкуга кетет. Эртең менен, майрам бүткөндө, Платонду ойготолук деп келген жаштар аны түн арасында куш уйкудан түбөлүк уйкуга кеткенине күбө болушат. Бүт Афиналыктар аны мүрзөсүнө чейин коштоп барышат ...” (Калия Арыстанбек кызы).

Импровизациянын аягында студенттердин баары туруп, бирөө: “ Рух Тазалыгына!” (Нурсултан), экинчиси: “Жүрөктүн Эрдигине!” (Ибрахим), “Жаныбыздын Бийиктигине бизди шыктандырган Улуу Даанышмандарыбызга (Калия) Таазим Этебиз, Таазим Этебиз! – деп эки жолу жүгүнүп, хор менен айтканда, залда отурган көрүүчүлөр аплодисменттерин аяган жок. Философияга болгон сүйүү, ыйман тазалыгы, ой эркиндиги, рух бийиктиги энергетикасы бүт залга тарагансып, олтургандардын баары аткарган студенттерибиздин терең ойлорунун таасиринде калгандай сезилди. Керемет сезим!

Кеченин экинчи бөлүгү чакан концерт менен уланды. Роза Аманова эжебиздин таланттуу шакирти Элзар Өскөнбаева “Ак бала” аттуу ажайып ыры менен угуучуларды дагы-дагы аруулантты. Рахмат Сизге, Элзар! Атагыңыз журтубузда жайыла берсин!

Калия Арыстанбек кызы музыкалык коштоосуз “Мен-кыргыздын кызымын” ырын устачылык менен ырдап берди.

“ Мейкиндик жана мезгилди бириктирген Рух дүйнөсү ” аттуу Кеченин үчүнчү бөлүгүндө студенттерибиз көркөм окуусун сунушту. Юнус Эмре, Омар Хайам, Аль Фараби, Мевлана, Торо, Лермонтов, Ылгас, Жеңижок, Калыгул, Барпы, Мехмет Акиф Эрсой, Алыкул Осмонов улуу ойчул жана акындарыбыздын саптары өтө чеберчилик менен ар кандай тилдерде аткарылды. Ар бир студенттин көркөм окуусунан кийин зал кол чабуусун аяган жок. Поэзия менен философиянын бир туугандыгы даңазаланды! Кеченин биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү классикалык музыка менен коштолуп турду (Альбинони, Рахманинов жана Римский Корсаковдун чыгармалары менен). Аалам сурөттөрү сахнага проекцияланып турганы да таасирин калтырбай койгон жок.

C туденттик кеченин жалпы жетекчиси философия илимдеринин доктору Үмүт Асанова болду. Англис тилинде жазылган али которула элек маалыматты которуп, уккулуктуу кылып оңдоп, балдарга даярдап, алар менен күн сайын чарчабай-чаалыкпай репетиция өткөрүп, көркөм окууларына көз болуп, ушул иш чараны даярдоодо балдарга философиялык дем берүү менен бирге, өзү дагы студенттеринин жан дүйнөсү менен тереңирээк таанышып, аларга терең ыраазычылыгын жолдоодо. Дүйнөлүк Философия Күнүнө арналган “Философиялык ой чабыттар: Мейкиндик жана мезгил ашууларында” аттуу студенттик Кече ушинтип эсте калаар, жан дүйнөнү козгогон, тазаланууга өбөлгө түзгөн, чыныгы интеллектуалдык рахатка бөлөнгөн майрамга айланды.