Кабар жана жарыялар

Кулактандыруу! Студенттер үйүнө (жатаканага) кирүүгө укук алган студенттер үчүн.

КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

Студенттер үйүнө (жатаканага)  кирүүгө укук алган  студенттер 2017-жылдын  21-августтан баштап 22-сентябрына чейин студенттер үйү мүдүрлүгүнө кайрылыңыздар.

Жатакана алуу үчүн төмөнкү документтер зарыл:

•  Студенттик справка ( Cтуденттик бөлүмдөн берилет. Экономика факультети 1 – этаж студенттик отделден алынат )

•  Медициналык справка (Университетибиздин Жал кампусунда жайгашкан медициналык борбор тарабынан берилет)

•  4 даана түстүү сүрөт

•  Паспорттун көчүрмөсү (пропискасы болгон бет кошулуп)

•  2 даана файл (клеенка пакет)

•  Студенттер үйүндө калуу акысы айына (А –Блок жаны имаратта калуу үчүн ) 1500 сом, Б жана Ж  блокторунда  калуу үчүн 1200 сом болуп, жатаканага кирүү учурунда алдын ала 5 айга 7500 же 6000 сом төлөнөт.

•  Кошумча дагы 2500 сомдук депозит ( залог) төлөнүшү да зарыл . (Ар бир студент, студенттер үйүнө (жатаканага) жайгашкан учурда өзүнө тапшырылган буюмдардын кепилдиги катары алынат жана жылдын аягында буюмдарын тапшырган учурда сындырылган же жоготулган буюм жок болсо кайра берилет)

Буга кошумча катары эгерде (*) менен белгиленген пункттарды белгилеген болсонуз тийиштүү тастыктоочу документтерди алып келүүнүз зарыл . Мисалга Университетте окуган бир туугандын же бир туугандарыныздын окуган жеринен справкасы, ата – энениз каза болсо каза болгондугу тууралуу (свидетельство о смерти) күбөлүктүн көчүрмөсү, майыптыгы болсо ал тууралуу ВТЭК тин кагазы же болбосо пенсиялык күбөлүктүн көчүрмөсү ж.б.у.с.

 

Эркектер тизмеси

Кыздар тизмеси

Даярдоо курсу

Эркектер тизмеси

Кыздар тизмеси


Кезекте тургандардын тизмеси

Эркектер тизмеси

Кыздар тизмеси

Даярдоо курсу эркектер

Даярдоо курсу кыздар